Атамбаев кечээ "Апрель" телеканалына маек берип, учакта экс-мэр Түлеев менен жолугушуп калганы тууралуу айтып берген. Ал Түлеевди үч сааттан ашык арманын төккөнүн, калпычы болуп бүткөнүн айтып, "барон Мюнхгаузенге" окшоштурган. 

 

Ал эми экс-мэр болсо Атамбаевдин өзүн "барон Мюнхгаузен" атады. 

 

"Ал мени Мюнхгаузен атап жатып, өзү да байкабаган тейде өзүн толугу менен сүрөттөп салды. Мюнхгаузен кечки тамактан кийин отуруп алып оюнан чыгаргандарын айтып бергенди жакшы көрөт эмеспи. Атамбаев да ушуну менен экинчи жолу креслосунда отуруп алып оюнан чыгаргандарын айтып берди", - дейт Түлеев. 

 

 

Ал Атамбаевдин кандай экенин элдин баары билээрин белгилеп, эчактан эле эл ага "соо эмес" деген диагноз койгонун эске салды. Ошондой эле учактагы сүйлөшүүлөр экс-президенттин эсинен эмнеге чыкканын да божомолдоду.

 

"Кыязы, ортодо эмне сөз болгонун көп ичип алганынан улам эстей албай калды окшойт. Стюардесса ал отурган орундуктан учактын кызматтык бөлүгүнө чуркап гана турду. Атамбаевге ичимдик ташып. "Аэрофлотко" запрос жөнөтүп, 22-октябрдагы Бишкек-Москва багытындагы  № 1881 рейсинин   1F  жүргүнчүсү канча ичимдик ичкенин сураса, айтып беришет болушу керек", - дейт Түлеев.