Экс-президент Алмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалына кезектеги жолу маек берди.

 

Азимбек Бекназаров жаздан баштап эле сүйүнүп жүрөт дейт экс-президент.

 

“Анткени, анын оюу орундалды. Атамбаев менен Жээнбековду чабыштырып коюп, бир балээ болуп кетсе, ортодо бир да куру калбайбыз деп ойлошкон. Азимбекти мурда да айткам, азыр да айтам – кузгунга окшоп эле куркулдап, бир балээ болуп кетсе деп турат. Аксы, март, апрель окуялары элге кыйынчылык жаратты, ал эми кузгундарга пайдасын тийгизди. Жээнбеков мени душман көргөндөн, каршылашкандан эмне өзгөрдү, андан Кыргызстанга зыян гана келип жатат, бөлүнүп-жарылып ынтымак кетип жатат. Ал эми кузгундар чатактын арты менен жакшы кызматка жетебиз, акча табабыз деп кубанышат. Акыркы жылдары Кыргызстанга ынтымак орноп калган болчу, ошону сакташ керек эле”, - деди Атамбаев.