Экс-президент Алмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалына кезектеги жолу маек берди. Анда, жакында өткөрүлгөн курултай тууралуу да суроо берилди.

Курултайдын уюштуруучулары экс-президентти чакырышканын жарыялашкан. Бирок, иш чарага Атамбаев келген эмес.

 

“Мени коркуп келбей койду деп жатышат. Коркконум үчүн эмес, жийиркенгеним үчүн барбай койдум. Орто мектепти жетектеп жүргөн Дүйшөбаевдин чакыруусуна барамбы? Анын бир убактарда тамеки, пирожкиге чейин акча сурап жүргөнүн унута элекпиз. 2010-жылы бир жакта балдар өлүп жатышса, бир жакта Дүйшөбаевге окшогондор байып, миллионер болуп кетишти. Мен көп эски санаалаштарым менен банк ячейкалары тууралуу маалыматтар шардана болгондо кол үзгөм. Анткени, мен таза адаммын, алар ыпылас адамдар”, - деди Атамбаев.