Экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына дагы бир жолу маек берди. Бул жолу мамлекеттик тилде маек берген экс-президент бир катар суроолорго жооп берди. 

 

"Мени каматам дегендер болуп жатат. Алардын артында Жээнбековдор турганын да жакшы билем. Бирок, алар бир нерсени унутпашы керек. Иттин кожоюну болсо, кабыландын Кудайы бар". Баарын акырында Кудай таразалайт", - деди экс-президент.