- Айбек мырза, курултайга неге КСДПдан өкүлдөр келген жок? Алар чакырылган эмес беле?

 

- Курултайдын уюштуруу комитетине кирүүгө баардык тараптарды чакырганбыз. Атамбаев башында турган КСДП партиясына 30 мандат берилген, тилекке каршы башында катышабыз деп кайра катышуудан баш тартышты. “Замандаш” партиясы да катышабыз деп аягында баш тарты. Бул алардын өз эрки. Ал эми “Ата-Мекен”, “Ата-Журт”, “Кыргызстан”, “Мекенчил”,  “Аалам”, “Эл бийлиги” жана башка партиялар жигердүү катышты. Чакырса келбей анан артынан ар кандай чындыкка дал келбеген маалыматттарды тартатуу туура эмес да. А.Атамбаевге сын айткандардын баары эле С.Жээнбековду колдойт дегенге, ал эми С.Жээнбековго сын айткандырдын баары эле А.Атамбаевди колдойт дегенге жатпайт. Үчүнчү калыс оюн айткан күч бар. Чындык ачуу болсо да эки тарапка тең калыс оюн айтыш учурда аба-суудай керек болуп турат. Биз болшунча калыс аянтча  болгонго аракет кылдык. Азыр ар кайсыны айтып, кылдан кыйкым издеп жатышса да, буюрса Курултай чоң саясий процестин башаты болот. Мен ага ишенем.

 

Булак: “Майдан.kg