Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин аргасы такыр куруду. Эгерде ал алты жылдык президенттик мөөнөтүн мамлекет кызыкчылыгы үчүн таза иштеп өткөргөндө, азыркыдай оор абалга кептелбейт болчу. Тилекке каршы, ал ири долбоорлорду жүзөгө ашырып атам деген мактаныч менен ири коррупциянын башында турган экен. Анын бул былыктары учурда өзүнөн өзү былгып чыгып атканын көрүп турабыз. 

 

Ошондон улам эмне кылаарын билбей алдастап калган АША эми учурдагы президентке байланыштуу жалган документтерди жасап таратуу менен алектене баштаптыр. Анын башталышын биз жакында эле көргөнбүз. Ф. Ниязов менен биргеликте «Шайлоо кассасы» деген таблица түзүп, аны менен президенттин кадыр-баркына көлөкө түшүрөм деген аракети текке кетти. Себеби анын жалган документ экенин элдин баары билди. Н. Токтакунов Ф. Ниязовдун тапшырмасы менен ал таблицаны социалдык түйүндөрдөгү баракчасына жарыялап, анын артынан эле Бабановдун, Сариевдин да «Шайлоо кассалары» тууралуу таблица жарыялады. 

 

Негизи эле А. Атамбаев жалган документтерди жасоо жагынан эбак «мастер» болуп калганын билебиз. Буга анык далил – «Белизгейт». Ал мамлекет башында турганда А. Сегизбаев менен биргеликте «Белизден келген документтер» деп аттуу-баштуу үч депутатты жаманатты кылгысы келген. Бирок, анысынан майнап чыккан жок. Андан сырткары «Мародер-гейт», «Юпи-гейт» дегендердин да автору. 

 

Мындай жалганчы болуудан көңүлү калбаган АША жакында эле өзүнүн маалымат саясатын жүргүзгөндөрдү чогултуп, чогулуш өтүптүр. Анда ал: «Президенттин өзүнүн жана анын туугандарынын, жакындарынын баланча компаниясы бар экен, түкүнчө фирмасы бар экен деген сыяктуу жалган таблицаларды түзүп тарата бергиле. Эл бул калп болсо деле ишене берет» деген буйругун бериптир. Андыктан эми жакынкы күндөрү ошондой жалган каралоолор чыга баштаса, таң калбай эле коюңуздар.  

 

 

Булак: Телегра