24-ноябрда Бишкекте өткөрүлгөн курултайдын уюштуруучулары жана делегаттары маалымат жыйынын өткөрүштү. Алар: Эмилбек Каптагаев, Азимбек Бекназаров, Айбек Бусурманкулов, Кенжебек Дүйшеев жана Турсунбек Акун.
Алар кайрадан Атамбаев темасын башташты. Экс-президентти апрель революциясынын идеясынын саткынчысы атап, бийликти узурпациялап алууга айыпташты.
Курултайдын резолюциясын баскычтап аткарууга билек түрүшкөнүн белгилеген делегаттар башкысы Атамбаевге карата кылмыш ишин ачтырууга аракет кылышаарын билдиришти.
"Башкы прокуратурадан Алмазбек Атамбаевге каршы кылмыш ишин ачууну талап кылабыз. Парламент экс-президенттердин кол тийбестигин алуу мыйзам долбоорун колдоп беришсе болгону", - дейт Бекназаров.
Ал эми коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев: "Сооронбай Жээнбековго башкаруунун урап бараткан системасы тийди. Аны алып кетүү оңой болгон жок. Биз президентке ажыдаарга айланып кетишине жол бербешибиз керек", - деди.
Курултайдын катышуучулары учурдагы президенттин ишмердүүлүгүнө канааттандыраарлык деген гана баа беришкен. Маалымат жыйынын берүүчүлөр курултайды өз максатына жетти деп эсептешет жана келерки жылдын апрель айында дагы өткөрүшөөрүн маалымдашты.