Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган КР Конституциясына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан “КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Демилгечилер – Жогорку Кеӊештин депутаттары Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиев.
Демилгечилердин айтымында, 15 жыл мурда бир адам үчүн чоң иммунитет берген мыйзамга экс-президенттин статусуна арналган “КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” КР мыйзамынын 12-беренеси кирет. Бул ченем азыркы учурда мазмунуна жооп бербейт жана колдонуудагы Конституциянын ченемдерине карама-каршы келет. Анткени, жаңы Конституцияда Президент адам укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиги катары чыкпайт. Ошондой эле, анын үй-бүлөсүн мамлекеттик камсыздоо жөнүндө ченем да жок. Ушуга байланыштуу мыйзамга төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизүү сунуш кылынат:
- Президенттин кол тийгистигинин деңгээлинин төмөндөгөндүгүн эске алуу менен, 3-берене жаңы редакцияда баяндалууда, анда КР Президентин кызмат ордунан четтетилгенден кийин аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүнчүлүгү бөлүгүндө Конституциянын ченемдери чагылдырылды;
- аны менен чогуу жашап турган Президенттин үй-бүлө мүчөлөрү тийиштүү артыкчылыктар жана жеңилдиктер менен пайдаланарын эске алуу менен Мыйзамдын 6-беренеси Президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн чөйрөсүн белгилеген норма менен толукталды;
- 8-беренеде Президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрү жана ден соолугу мамлекеттин эсебинен камсыздандырыла тургандыгы жөнүндө норма алынып салынууда;
- 13-беренеде экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүн акысыз медициналык тейлөө жөнүндө норманы алып салуу сунуш кылынат, ошондой эле экс-президентке карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген учурда ушул беренеде каралган баардык кепилдиктер токтотулат;
- экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнө ал өлгөндөн кийин өмүр бою кызматтык автотранспорт, ошондой эле өлгөн күнү экс-президентке берилүүчү медициналык тейлөө укугу каралган 17-берененин 2-бөлүгү алып салынууда;
- Мыйзамдын 18-беренесин күчүн жоготту деп таануу сунуш кылынууда. Мындан ары ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо экс-президенттин өзүнө жүктөлөт.