Курултайда эмнеге 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Жээнбековдун штабынын кара кассасын айгинелеген документтер тууралуу суроо салынбады? Бул суроого курултайдын уюштуруучуларынын бири Азимбек Бекназаров жооп берди. 

 

"Резолюцияда бул суроо белгиленген. Курултайдын делегаттары укук коргоо кызматтарына, негизинен  Башкы прокуратурага, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына жана УКМКга адвокат Нурбек Токтакунов тарабынан соцтармактарга тараган  документ боюнча иликтөө жүргүзүүнү сурап кайрылышты", - деди Бекназаров. 

 

Айтымында, Сапар Исаковдун мурдагы адвокаты жарыялаган документти экс-президент Атамбаевдин реалдуу документ деп табышы бул маселеге көңүл коюп кароого аргасыз кылат. Токтакунов да курултайга катышкан. Бирок, эмнегедир коомчулуктун кызыгуусун жаратып жаткан, өзү баштаган маселе боюнча ооз ачпады. 

 

"Эмнеге ал жөнүндө эч нерсе дебегенин өзүнөн сурагыда. КСДПдан келгендердин бири да аны козгошподу. Анан эмнеге биз жасашыбыз керек? Резолюцияда аткаруу комитетинин мүчөлөрү президенттик шайлоодогу чыгашаларга укуктук баа берүүнү талап кылышты. Бирок, аны эч ким көтөрүп чыкпагандыктан ал добушка коюлбады", - деп түшүндүрдү Бекназаров. 

 

 

Эске салсак, Нурбек Токтакунов жарыялаган документте шайлоо учурунда Жээнбековдун штабындагы түшкөн жана коромжу болгон каражаттар көрсөтүлгөн. Андагы маалымат менен БШКга берилген расмий маалыматтын ортосунда айырма чоң экени белгилүү. Экс-президент Атамбаев маегинде штабдын башкы бухгалтери өз өмүрүнөн кооптонуп, документ жарыя болгондон кийин өлкөдөн чыгып кеткенин айтты. Аны менен катар  ИИМ штабдын башкы бухгалтери документ соцтармактарга жарыяланаарынан бир нече күн мурда эле башкы бухгалтер Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткенин, коомчулукка шардана болгон күнү анын уулу да өлкөсүн таштаганын кабарлашты.