- Асия эже, Алмазбек Атамбаев кечээги маегинде катачылыгын мойнуна алып, “Текебаевди бекер каматыптырмын” деп өкүнгөндөй түр көрсөттү. Анын бул аракетин Текебаевди ак жеринен караладым деп  түшүнсөк болобу?

 

- Биринчиден өзү камагыла деп буйрук бергенин  мойнуна алды! Өкүнгөнсүп койду, бирок ага  ишениш кыйын. Анткени, анын ар бир сөзү калп болуп келген! Азыр деле ошондой нукта интервью берди. Бирок, Текебаевдин партиялаштары, жактоочулары же жакындары партиялаштары  эч качан аны күнөөлөшкөн эмес жана аны күнөөлүү деп да айтышкан эмес. Өкүнүчтүүсү, Атамбаев камаганда да зөөкүрчүлүгүн көрсөтүп, адам эмес экенин  далилдеди. Эми досу баарын билип, көрүп  туруп унчукбай билмексенге салып  Текебаевдин, Чотоновдун, Төлөгоновдун эки жылдык жашоосун алып койду. Эми жок дегенде коомчулукка, эл аралык деңгелде уят болбой, тезирээк камактан чыгарышы керек.

 

- Атамбаевдин Сооронбай Жээнбековду сындаган сыны жөндүү эле болдубу же “мен максатымды ишке ашыра албай калдым”- деп бет тырмалык кылгандай болдубу?

 

- Негизи Атамбаевдин же башкалардын сындаганы президент Жээнбековго керектүү нерсе. Маалыматы бар  болсо демек даяр дегендей кеп. Ошол эле кезде келечекте катачылыкка жол бербейм десе, сын пикирлерди туура кабыл алыш керек. Убакыт тез өтөт. Алдыдагы жасай турган  иштери таза жана эффективдүү болуш үчүн бүгүндөн  баштап реалдуу президент болууга аракеттениши керек. Бул жагынан алганда  Атамбаевдин эрте интервью бергени эң жакшы болду. Жээнбековдордун баары ойлонуп, кыргыз элин эч качан күч менен башкаруу мүмкүн эмес экенин түшүнүшү керек. Атамбаев азыр акылдуу сүйлөп. Баарын сын көз менен карагандай болгону менен ал оюндан чыкты. Ал эмне кылса да,  кыргыз саясатына мурдагыдай таасир эталбайт. 

 

- Айтканыңызга ынаналы, Текебаев менен Чотоновго каршы көрсөтмө берип каматкан адам өзү Москвада камакка алынганы маалым болду. Эми аларды эркиндикке чыгаруунун жолу барбы?

 

- Текебаев менен Чотоновду буга чейин деле чыгарууга негиздер көп болчу. Бирок бийликтегилер ал негиздерди эске албай атайылап эле чыгарбай жатышты. Бирок, биз камактан чыгаруунун жолдорун дагы сунуштайбыз! Ак жеринен эле каматып койгонун Атамбаев өзү да мойнуна алгансыды. Текебаевдерге каршы көрсөтмө берген адам да алдамчылык жол менен жан багып жүргөнү дагы бир жолу далилденди. Эми Текебаев менен Чотоновдун ишин көз жаздымда калтырбай карап, адилеттүү чечим  чыгарышы керек. Анткени, булар буйрук менен камалышкан. Текебаев камалаарын билген. Ошон үчүн  ИИМге Атамбаевдин жан сакчысы келгенде эле “мени камаш үчүн келдиң” деп айткан. Сооронбай Жээнбеков чындап адилеттик орнотом десе, Текебаев, Чотоновдорду чыгарып, Атамбаевди сындап койгону үчүн камакка алынган саясый туткундарды бошотушу керек.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити