Өткөн жылы өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен азыркы мамлекет башчыбыз С. Жээнбековдун штабынын каржылык “секреттеринин”, болгондо да кимдер канча сумма алгандыгы, кимдер демөөрчү болуп, канча миллион сом кошкондугу фамилясы менен ачыкка чыгып кетиши Кыргызстандын саясый айдыңында бомба жарылгандай эле болду. Көрсө, иш жүзүндө көрсөтүлгөндөн он, жүз эсе көп акча жумшалыптыр. Эгер бизде мыйзам иштей турган болсо, анда Парламент тарабынан Президентке импичмент жарыяланыш керек. ЖК депутаттары андай кадамга барууга эрки жетпейт. Ошондуктан С. Жээнбеков маселеге өзү ак же көк деп, элге чыгышы зарыл жана андан аркы саясый карьерасын, мамлекеттин келечегин ойлосо, отставкага кетип, кайрадан президенттик шайлоо жарыялоого тийиш. Бирок президенттин маалымат катчысы “Бул фейк, эч кандай мөөр, кол жок”,- деп гана оозун куу чөп менен аарчып коюп отурат. Жада калса бийликтин акырынан жем жеген маалымат каражаттары аркылуу актанууга да чыгынбай отурат. Бул арада КСДПнын президенттик шайлоону өткөрүү боюнча штабынын башкы эсепчиси Надира Сатыгул кызы, артынан уулу Адилет Сатыгуловдор шашылыш түрдө Индияга учуп кетишкендиги белгилүү болду. Баса, А. Сатыгулов КСДПнын квотасы менен БШК мүчөсү да болчу. Тактап айтканда, каржы боюнча иштерди БШКнын көзөмөл-ревизиялык тобу алып барып, анын курамына БШКнын мүчөлөрү Акылбек Эшимов ( «Кыргызстан»), Гүлнара Баатырова, Адилет Сатыгулов (КСДП) болушкан. Демек, ал апасынын каржылык мыйзам бузууларын билгенден тышкары БШКнын мүчөсү, болгондо да көзөмөлдөөчү үч адамдын бири катары көз жумуп койгон. Эне-бала мына ушул ири суммадагы акчалар тууралуу маалыматтын ачыкка чыгып кетүүсүнө тиешеси барбы, жокупу, кыскасы өз өмүрүнө коркунуч туулгандыгы айдан ачык болууда.
Булак: “Майдан. kg” гезити