Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга аба менен суудай керекпи?
Саясат
Белгилүү обончу жана ырчы Бек Борбиев соцтармактагы баракчасына экс-президент Атамбаевдин билдирүүлөрүнө жооп иретинде пост жазды.
”Өмүрбек Бабановду чакырып келишибиз керек. Акыркы убактагы өлкөдөгү саясий кырдаал мына ушуну талап кылып турат. Саясий күчтөрдүн балансы үчүн, дегеле кечээги трайбалисттик интервьюдан кийин Өмүрбекке окшогон бир лидер сөзсүз керек экендиги ачык айкын көрүндү. Акыркы шайлоодо өлкөнүн жарымы дал ошол жигитке добушун бергени жалганбы.. Айтор ушул убакта Өмүрбек Кыргызстанга зар болуп Москвада жатат эмес, тескерисинче, Кыргызстанга замандашыбыз Өмүрбекке зарыл болуп турган чагы!”, -деген Бек Борбиев.