Кечээ, 19-ноябрда “Апрель” телеканалына берген маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаев саясаттагы ар кандай кырдаалдарга пикирин билдирип жатып, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаевдин да ысымын атады.
“Эмилбек Каптагаев мага бир нече жолу келип, Ыык-Көл облусундагы башамаландык үчүн Садыр Жапаровду жазага тартууну талап кылган. Азыр болсо ал башкача ырдап калыптыр”, - деген Атамбаев.
Ал эми Каптагаев экс-президенттин айтканына соцтармак аркылуу жооп кайтарды:
“Атамбаев жана анын жугундукорлору Каптагаевге кандай чабуул коюунун жолун таппай, эми Садыр Жапаров темасын көтөрүп, ошону менен мага карай тескери пикир жараткысы келген окшобойбу... Атамбаев бул айтканы менен Американы ачып жаткан жок, "Каптагаев өзүнүн Жапаров жөнүндөгү көрсөтмөсүн өзгөртө берет..." - дегенди Бишкек шаардык сотунда судья Жаңыл Мамбеталы да айткан... Анын ушул айткан жалаасы боюнча Жогорку Соттун Тартип комиссиясына арыз менен кайрылып, ал комиссия Садыр Жапаровдун кылмыш иши боюнча он чакты томду карап чыгып Каптагаевдин көрсөтмөлөрү башынан бери бирдей эле экендигин, Каптагаевдин эч кандай Жапаровго каршы арызы жок экендигин тастыктап, Жаңыл Мамбеталыга карата сот-бийлигинин кадыр-баркына, судьянын жогорку наамына шайкеш келбеген тартиптик жоосун жасаганы үчүн алдын ала эскертүү жазасы берилген. Бул маселени Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосуновдон жана башка соттун катышуучуларынан сурап билип алсаңар болот”.