Экс-президент "Апрель" телеканалына маек берип жатып, жансакчылары жана айдоочулары тууралуу кеп козгоду. 

 

Айтымында, айдоочуларынын арасында бир гана Икрамжан Илмиянов карьера жасап, мамлекеттик жогорку кызматтарга көтөрүлгөн. Калган айдоочулары ушул убакка чейин эле баштагы кесибин аркалап келишүүдө. 

 

Ал эми жансакчыларынан Болот Сүйүмбаев УКМКнын төрага орун басарлыгына чейин жеткен, ал эми Улан Исраилов ИИМдин министри болгон. 

 

"Илмияновдо уюштуруучулук талант бар. Ал эгер мыйзамга туура келбеген иш жасаган болсо, жооп берсин. Бирок, анын күнөөлүү экенине ишендире  турган фактылар азырынча жок. Улан Исраилов кадрдык милиционер. Кылмыштардын эсеби ИИМде эмес, прокуратурада катталып, ошол жакта жалпы эсеп болушун шарттоого бир гана анын эрки жетти", - деп аларга сыпаттама берди. 

 

Ал эми Болот Сүйүмбаев УКМКнын маалымат кызматын башкарып, өлкөдөгү кырдаал боюнча так маалыматты Атамбаевге берип баштаган. Ага дейре өлкө башчысына "тигил жакта душмандар, бул жакта душмандар" деген гана кабарлар жетип турган. 

 

"Азыр ал тууралуу толгон-токой ушактар жүрүүдө, бирок аларга мен ишенгим келбейт. Болот Сүйүмбаевге дайыма акча керек болсо, менден ал деп айтчумун. Деги эле ушактар көбөйдү, бардык жерде Илмиянов, Сүйүмбаев, Исраилов..." - деди экс-президент.