Атамбаев "Апрель" телеканалына берген маегинде Икрамжан Илмияновдун камалышы тууралуу да пикирин билдирди. Ал Илмияновдун пара алганы үчүн камалганына ишенбейт, аны оозун жабуу максатында камашты деп эсептейт.
"Менден Икрамжан Илмиянов акча алып турчу. Ал менин байлыгымдын тарыхын, керек учурда менден акча алып турууга болоорун да билет. Ал эми кайсы бир кадр жаатындагы маселени чечүү үчүн акча алганы башка иш. Ал тууралуу ар кандай ушактар жүрүп баштады, ал кадр иштерин кийлигишкен имиш. Бирок, мен ага ишенбейм, ал пара алышы мүмкүн эмес. Мен анын пара алганы үчүн, же кайсы бир коррупциялык иш үчүн камалды деп эсептебейм. Аны акыркы президенттик шайлоодогу көшөгө артындагы жашыруун иштерди көп билгени үчүн, оозун жабуу максатында камашты. Ашыкча кеп айтпасын деп, алдын ала аракет кылышты. Көрөсүңөр, ага каршы айыптоолордун баары чачырап жок болот", - деди Атамбаев.
"Илмиянов абактан чыга турган да күн келет. Ошондо бардык чындыкты өзү айтып берет. Тирүү калса эле болду", - деди ал.