Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына маек берди. Анда эмне себептен көп убакыттан бери унчукпай жүрүп, эми гана бийликке каршы пикир айта баштаганынын сырын ачты.
Ал КСДпнын ушул жылдын март айында өткөрүлгөн съездинде Сооронбай Жээнбековго үч сын айтып, бир катар кеңеш бергенин эске салды.
"Мен аны ушул айткандардан кандай жыйынтык чыгараар экен деп күткөм. Мен айткандарды эсине алар бекен деди. Ошондуктан, президенттик ишмердүүлүгүнүн бир жылын тынч иштөөсүнө мүмкүнчүлүк бердим", - деди экс- президент.
Айтымында, берген кеңештеринин бири да кабыл алынбаган. Партиянын съездинен кийин Атамбаевге каршы кампания өз ишин баштап, үй-бүлө мүчөлөрүнө чейин жалган жалаа жабуу аракеттери жүргөн.
"Биздин эл жаман нерсеге ишениши мүмкүн. Геббельс ушак канчалык ыпылас болсо, ошончолук эл ага көп ишенет деген", - деди Атамбаев.