КСДП фракциясынын жыйынында фракция депутаттарынын арасында пикир келишпөөчүлүк пайда болду. Бул жыйында Иса Өмүркуловду партиянын саясий кеңешинин катарынан чыгаруу маселесин кароону Ирина Карамушкина сунуш кылды. Анын айынан Өмүркулов менен Карамушкина айтыша кетишип, акыркысы жыйындар залынан чыгып кетти. 

 

Карамушкинанын сунушуна Өмүркулов мындай сунушту фракциялашынан эчак эле кат аркылуу алганын, жооп катары жыйындын протоколун, ишеним каттын көчүрмөсүн жана катышуучулардын тизмесин жөнөтүшүн талап кылганын айтты. Ал эми Карамушкина: "Сиз эреже бузууга барып жатканыңызда кесепети ушундай болоорун билгенсиз", - деди. 

 

Экөөнүн кайым айтышына депутат Асылбек Жээнбеков кошулуп, Өмүркуловдун таламын талашты: 

 

"Иса Шейшенкуловичтин фракцияга жүз пайыз ишенимдүү экенин билем. Бул маселени биз карайбыз, добушка коюу керек", - деди ал. 

 

Жыйынтыгында, фракция мүчөлөрү Өмүркуловду саясий кеңештен чыгаруу маселеси коюлган күн тартибин колдоого алышпады. Буга таарынган Ирина Карамушкина жыйындар залынан чыгып кетти.