Урматтуу Мекендештер!

 

2018-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарында Жарандык коомдук-саясий  жана мекенчил уюмдардын өкүлдөрүнүн Курултайы өткөнү турат. Бул Курултайды уюуштуруу  демилгесине учурдагы өлкөдө түзүлүп калган социалдык, саясий жана экономикалык кырдаал башкы себеп болду.

Анткени Кыргыз Республикасы эгемен мамлекет аталганына 27 жыл толду, бул мезгил ичинде эки жолу Элдик революцияны башыбыздан өткөрдүк, эки жолу бийлик элдин эркине ылайык күч менен алмаштырылды. 2010-жылдагы Апрель Элдик революциясынан кийин жаңы Конституция кабыл алынып, парламенттик демократияга өтүү, өлкөдө акыйкаттыкты, туруктуу өнүгүүнү жана жарандардын бакубат жашоосун камсыз кылуу максаттары жарыя кылынганы менен иш жүзүндө алгылыктуу жылыштар болгон жок. Бул жагдай учурда коомду абдан кыжалат кылып, “түзүлгөн кырдаалдын себептери эмне?”- деген суроо туулууда.  Бул суроого жооп издөө, кендирди кесип өнүгүүгө кедерги болуп жаткан себептерди аныктоо жана аларды жоюунун жолун табуу биздин милдетибиз. Өткөн мезгилдин сабактарын эске албай коюуга укугубуз жок. Анткени өткөн 27 жыл биз үчүн оор сыноолордун жана жан кейиткен жоготуулардын жылдары болду, жаркын келечек үчүн көптөгөн мекендештерибиз  куугунтукка туш болуп, түрмөлөргө камалып, а түгүл 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель революциясында элдин келечеги үчүн курман болушту, эгемендик жылдарында эркиндик жана  адилеттик үчүн күрөш элбибиз үчүн өтө кымбатка турду.

 

Президент Сооронбай Жээнбеков кызматка киришип жатып өзүнүн программалык максаттары катары парламенттик демократия түзүмүн бекемдөөнү, коррупцияга каршы күрөшүүнү, сот акыйкаттыгын камсыз кылууну жана өлкөдө адилеттүү башкарууну орнотууну убада катары айткан эле. Ант берип, Өлкө башчысы катары кызматка киришкенине туура бир жыл толду. Бир жыл жогорку бийлик үчүн өтө көп убакыт. Ири коррупциялык иштердин бети ачылып, бир топ чиновниктердин камалышы элдин акыйкаттыка болгон ишенимин кайра жандантты, бирок чукулунан ишке ашырылуучу реформалардын артка жылдырылып, мамлекеттик бийлик түзүмдөрүнүн  иши солгун болуп жатканына азыр көпчүлүк нааразы. Алдыга карай ишенимсиз жасалган ар бир кадам, аткарылбай калган ар бир сөз, аягына чейин ишке ашпай калган ар бир демилге элдин президент Жээнбековго болгон ишенимин азайтат, келечекке карай болгон үмүтүн үзөт. Биз бул чындыкты ачык айтышыбыз зарыл.

 

Түзүлүп жаткан кырдаал үчүн жарандык коом түзүмдөрү жана саясий партиялар да түздөн-түз жоопкерчиликтүү экени талашсыз. Коомдун жигердүү бөлүгү өлкөнүн өнүгүү стратегиясы боюнча жалпы пикирге келгенде гана алдыга жылуу ыкчам болот.

 

Эл демократияга даяр эмес, бизге темирдей тартипти кармаган диктатор президент керек деген сөз суу кечпейт. Демократия шартында жашоону ошол демократия үчүн күрөштүн жүрүшүндө гана, коомдогу болуп жаткан демократиялык өзгөрүүлөрдүн ичинде болуу, реалдуу иштерге аралашуу менен гана үйрөнүүгө болот, ат минбей туруп атка минип жүрүүнү эч ким үйрөнө албагандай эле бул. Өткөн 27 жыл ичиндеги алган тажрыйба биз үчүн өтө баалуу. Биз өткөндөн туура маани чыгарып, сабак алып, учурдагы абалга туура баа берип, келечекти карай туура кадам ташташыбыз зарыл. Ошол себептен бүгүн Кыргыз Республикасынын келечегине кайдыгер эмес жана өлкөдө демократиялык баалулуктардын биротоло орношун жактаган, авторитардык-кландык бийликтин кайрадан жанданышына жигердүү каршылык кыла турган  коомдук-саясий жана мекенчил күчтөрдүн аракеттерин бир нукка буруу өтө учурлаш маселе. “Кыргызстан: кечээ, бүгүн жана эртең” чакырыгы алдында уюшулуп жаткан Курултайдын башкы максаты мына ушул.

 

Курултайга расмий делегат болуп коомдук уюмдардын жана фондулардын, саясий партиялардын өкүлдөрү катыша алышат. Курултайдын күн тартибине экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өлкө башчы катары  ишмердигине саясий баа берүү, саясий куугунтук жана саясий негизде камакта жаткандардын көйгөйлөрү, сөз эркиндигин жана жарандыктык укуктарды камсыз кылуу, президент Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишинин натыйжаларын талдоо, учурдагы Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн ишине саясий баа берүү жана ошондой эле өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө боло турган реформаларды алдыга жигердүү жылдырууга багытталган сунуштарды кароо маселелери киргизилет.

 

Урматтуу Мекендештер!

 

Жарандык коомдун өкүлдөрү, саясий жана мекенчил күчтөр тарабынан уюшулуп жаткан бул Биринчи Курултай коомдогу укуктук аң-сезимди бекемдөөгө, демократиялык баалулуктарга карата коомдук пикирди бириктирүүгө, өнүгүүгө карай аракеттерди жигердентүүгө  негиз түзөт деп терең ишенебиз.

 

Биздин максат – жаркын келечек!

 

 

Коомдук-саясий жана мекенчил күчтөрдүн Курултайынын

Уюштуруу Комитети, Булак: “Майдан. kg” гезити