Президенттик шайлоодо арам акчалар пайдаланылганбы?

 

- Икрамжан Илмияновдун кылмыш ишине байланыштуу Сооронбай Жээнбековдун дагы аты аталып жатат. Бул провокациябы же чындыктын үлүшү барбы?

 

 

- Илмиянов Атамбаевдин атынан жүз миңдеп эмес, жүз миллиондоп акча чогултканы чын. Былтыр, мына ачыка чыгып атат, Жээнбековдун шайлоосуна деп бизнесмендерди торуптур. Кандай болгон күндө дагы - бул кылмыш. Чет инвесторлор болобу, жергиликтуу ишкерлерби, мындай нерсенин даана аты - коррупция. Президент, өзү айткандай, эч кимдин мурунку коомго кошкон салымына карабастан, керек болсо өзүнүн шайлоосун камсыз кылганы чын болгондо дагы, баардыгын жоопко тартканы - бул акыйкаттык. Элдин ишенимин ага арттырат жана бекемдейт.

 

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан.kg” гезити