Чындыгын айтуу керек, АША үчүн ишенимдүү кадрлары саналган А.Ибраимов, К.Кулматов, С.Исаковдун камалганы бир тең, “шоопуру” Икрамжан Илмияновдун кармалышы бир тең болду. Себеби, экс-ажо тууралуу шоопурунчалык эч кимде маалымат жок. Дал ошондуктан да Икрамдын камалганын укканда туталанып, “я всех порву!”- деп үстөл муштагылап, ызылдаганын жанындагы эле адамдар жар салып жиберишти.

 

Ушу тапта Атамбаев тегерегине Жээнбековго нааразы саясатчыларды чогултуп, “чоң казатка” даярдана баштаганы айтылууда. Анын башка аргасы деле жок. Себеп дегенде, бизге жеткен ишенимдүү маалыматтарга караганда, камактагы Икрамжан Илмиянов тергөө менен кызматташууга барып, билгенин төкпөй-чачпай баяндап берип жатыптыр. Учурда АШАнын тушундагы кылмыштуу коррупциялык окуялар тизмектелип, топтолуп жатат. Мунун баары боюнча керектүү далилдер топтолуп бүткөндөн кийин АШАнын да күнү бүтөөрү, “шоопурунун” жанына темир торго камалары анык. Окуянын дал ушундай нукта өнүгүп жатканын АША абдан жакшы билет.

 

Алмаз Шаршенович деле тажрыйбасы мол саясатчы, бунт чыгаруу, митинг жасоо, революцияны ишке ашыруу жагынан дасыгып бүткөн. Дал ушундай дестабилизация жолу менен өз тагдырын сактап калгысы келгени менен, сени эл колдобосо, колуңдан бок да келбей калат эмеспи. Чүй, Нарынды го эптеп аймактык ажырым маселесин көтөрүп, коомчулукту дүулүктүрүп, алып чыкса болот. Бул жакта АША өзүнө окшош авантюрист саясатчыларды оңой эле таап, короосуна киргизип алат. Алды азыр аны менен кызматташып жатпайбы.

 

Алмаз аке үчүн түштүктөн союзник табуу кыйынга турат. Дал ошондуктан анын командасы учурда Ташиев менен Сооронбай Жээнбековдун мамилесин бузуу максатында ар кандай маалыматтарды таркатышууда. “Камчыбек мырза экс-президент менен кол кармашты”, “кызматтан үмүт этип жүрүп, бербей койсо катуу таарынган экен”, “бир болуу максатында АШАга бирикти”- деген ушактарды окусаңыз керек.

 

Буга чейин, жылдын башында АША Камчыбек Ташиев менен бир ирет жолугуп, ал-жай сурашканы, кийин канча чабарман жиберсе да барбай койгону дайын. Камчыке деле саясатта такшалып, табына келип калды. Башынан кандай гана сыноолор өткөн жок. Кечээ эле үй-бүлөсүнө чейин куугунтук уюштуруп, өзүн жок кылууну көздөгөн АШАнын кыянаттагын кантип кечирип, аны менен биригет? Бул такыр акылга сыйбаган көрүнүш болуп калат да, туурабы?

 

Бир чети, К.Ташиев да эркекче өзүнүн позициясын карманып келе жатат. С.Жээнбековду башынан колдогон, соңку маектеринде да бул позициясынан тайбаган ойлорун жайылтууда. Бул жагынан азамат! Жада калса С.Жээнбековго барып, кызмат сурап кайрылганын да көргөн жокпуз. А бирок, эл деген эл экен да, шайлоочулардын арасында “эмнеге биздин уулубузду кызматка тартпай жатат”- деген таарынычтар жашап жатканы чындык. Мындай суроо менен кайрылышкандарга Ташиев: “Президент биздин үмүтүбүздү азырынча актап, жакшы иштеп жатат, бизге ушу керек эмес беле!”- деп жооп бергенин айтышууда.

 

Жыйынтыктап айтканда, АШАнын да Ташиевден үмүтү үзүлүп, түштүктөн башка “мотор” издеп жатканы айтылууда.

 

Булак: telegra.ph