Депутат Кожобек Рыспаев чынында КСДПнын “партбоссу” Алмаз Атамбаевдин дарегине өтө катуу деле сын айткан эмес. Ал партиянын акыркы кездеги мышык ыйлагыдай абалына күйүп-бышып, кийинки шайлоодо уурулук кылбаган, коррупцияга аралашпаган, таза партиянын туусу астында чыгууга бел байлап жатканын кеп кылган.

 

Депутат болуп, эл тарабынан шайланып келгенден кийин жалжаңдабай, туура сөздү айтуусу милдет. Эмне, акыркы кезде КСДП партиясынын бедели анын анабашында турган адамдарынын коррупцияга аралашкан фактыларынын ачыкка чыгышы менен ылдайлап кеткени жалганбы? Кечээ эле чөкпөс адамдай Кыргызстанды каалагандай калчаган КСДПнын политсоветинин бакандай мүчөлөрү бүгүн жегенин кусуп, абактан чыкканга эки көздөрү төрт болуп турат. АША өзү болсо аларды актаган макала жазып, келтирген фактылары жалган болуп чыгып, шермендеси чыгууда. Мына ошол абалга Кожобек Рысбаев күйүп-бышып жатса, ага эч кимдин көңүл бургусу жок.

 

КСДПнын азырынча төрагасы Алмаз Шаршенович өз партиясынан чыккан бетке айтар депутатка ошондуктан ичи тарып, тез арада катардан чыгарууга буйрук берген. Бирок, КСДП саясий кеңешинин бул талабын фракция депутаттары 26 добуш менен айтка кайтарып, Кожобек фракциядагы ордун да, парламент комитетинин жетекчилигин да сактап калды.

 

Фракциянын бул чечимин океңдердин тили менен айтканда, “плевок в лицо Атамбаева”- деп түшүнсөк болот. Парламенттеги “ксдпчылар” бул аракети менен фракция эчак эле АШАнын көзөмөлүнөн чыгып кеткенин коомчулукка шардана кылышты.

 

Бул учурда соцдек Сагынбек Абдырахманов Чүй, Токтогул, Кочкор, Нарынды бүтүрүп, Ысык-Көлдө партиялык жыйындарды өткөзүүгө өттү.

 

Эгерде иш дал ушул нукта жүрө берсе, АША партиясыз калат шекилдүү. А анын азыркы абалы дал Мадумаровдукуна окшош. Адахан акенин да парламентте фракциясы жок, айткан-дегенине эч ким деле көңүл бурбайт го. АША да ошого окшоп сүйлөй берет, а бирок ага эч ким көңүл бурбай калат да мындан ары...

 

А.Сатындиева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №037 (10.10.2018-ж.)