Рыспаевди фракциянын катарынан чыгарууну Социал демократтардын 38 депутатынын 27си колдогон. Бул тууралуу өздүк булактардан маалым болду.

 

Өткөн жумада фракциянын отурумунда Кожобек Рыспаевди фракциянын курамынан чыгаруу маселеси каралып, чечим кабыл алуу убактысы жылдырылган. КСДПнын лидери Иса Өмүркулов талкуу кызуу жүргөнүн журналисттерге билдирген. Ал менен бүгүн байланышканыбызда түштөн кийин расмий билдирүү берилерин айтты.

 

Эске салсак, Кожобек Рыспаев ушул жылдын 30-августунда Социал-демократтар партиясынан «Марал» радиосунда айткан сөздөрү үчүн чыгарылган.

 

Депутат «Марал» радиосунун «Кечээ. Бүгүн. Эртең» программасында уурулук кылбаган, коррупцияга аралашпаган, таза партияга мүчө болгусу келерин айткан. Ошондой эле КСДПда бекем ынтымак жок экендигин да белгилеген болчу.

 

Булак: "Марал"