- Эркингүл эже, дайыма акыйкатты сүйлөп жүргөн экс-депутат, коомдук ишмер катары айтсаңыз, эгер министрлердин үй-бүлөсү менен мамлекеттин эсебинен саякаттаганы аныкталса, алар кызматтан кетиши керекпи же ишин уланта беришеби?

 

- Министр азыр эл талкуулап жаткан үй-бүлөсү менен саякаттаган маалымат такталса, токтоосуз жумуштан кетиши керек. Мен бул нерсенин баары эми чыгып жатканына таң калып жатам. Чынында өкмөткө бул фактылар мурун эле белгилүү болсо керек. Убагында тыя албаса анда, тартип жок болгон үчүн ушундай нерселер орун алды да. Өзү министр маалымат боюнча жооп бериши керек, бул тастыкталганбы же жөн эле күнөөлөп жатышабы? Унчукпайт го. Эгер коомчулукка жарыяланган маалымат чын болсо, министр өзү мыйзам бузуп жүрсө, “орун басарларына тили өтмөк беле?”- деген да ойго кептелет экенсиң.

 

- “Ичип алып, учактын ичинде ызы-чуу салганы билинип, кызматтан кетти”- деген министрдин орун басары Зууракана Каденованы кызматтан алган иштин аркасында кимдир бирөөнүн тымызын саясаты байкалбайбы?

 

- Мен аны айта албайм. Анткени баардык иш далилдениш керек. Мен жөн эле далилденбеген ишке ишене бербейм. Ар бир жарандын коргонууга укугу бар. Эгерде З.Каденова чынында мас абалында болгону чын болсо, анда сөзсүз жооп бериши керек. Бирок ал жумуштан алынды, ага Каденова каршы болгон жок. Менимче ал катуу жазаланды, элдин сыны оңой эмес.

 

- “Белизгейт” боюнча документтер далилденбесе ким жоопкерчиликке тартылышы керек?

 

- “Белизгейт” боюнча Сегизбаев өзү такылдап улуу парламенттин трибунасында “тастыкталган материалдар бар” деп айткан эле. Экс-президент да “эгерде тастыкталбаса Сегизбаев жооп берет” деген болчу. Эми жигиттик сөзү менен жоопко тартылсын. Күнөөсү жок жаранга күнөө тагып, тагдырын талкалап, абакка отургузганы кечирилгис кадам деп эсептеймин.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №036, 03.10.2018-ж.