Чубактын кунундай чубалжып келаткан жарандык активист Мавлян Аскарбековдун ишине акыры чекит коюлду. Жогорку сот Мавлян Аскарбековдун доо арызын канааттандырып,  мөөнөтүнүн өтүп кеткенине байланыштуу, жазадан куткарды.

 

Эске салсак, активист коомчулукту бийликти күч менен басып алууга үгүттөгөн деп айыпталган. Биринчи май райондук соту аны айыптуу деп тапкан. Шаардык сот болсо жарандык активистке карата чыгарылган чечимди 50 миң сом айып жана өлкө аймагынан чыкпоо өкүмүнө өзгөрткөн. Ал эми Жогорку сот эки инстанциянын чечиминдерине чекит коюп, активистти жазадан куткарды.

 

Андан көп өтпөй эле Бишкектин мэри А.Суракматовдун Мавлянды Биринчи май районунун акиминин орун басары кылып дайындаган буйругу чыкты.

 

Атамбаевдин тушунда Дача-СУдагы кырсыктан азап чеккен тургундарга барып жолугуп койгондугу үчүн куугунтукка кабылган Мавлян минтип жаңы бийликтин тушунда жазадан кутулуп, атүгүл кызматка олтурду. Муну Жээнбеков тушунда акыйкат заман орной баштагандыгынын ишараты катары карасак болот. Эми Сооронбай Шарипович “эрдик кылсаң сүрө кыл”- дегендей, абактагы саясий туткундарды да чыгарып ийсе, элдин эсинде адилет ажо катары калмак, кандай дейсиз окурман?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №036, 03.10.2018-ж.