“Прецедент” өнөктөштүк тобунун жетекчиси Токтакунов “Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамындагы “экс-президент мамлекетти жетектеп турган учурдагы аракеттери же аракетсиздиги үчүн ага кылмыш иши козголуп, суракка чакыртылып, тинтүүгө алынып, кармалып жана камакка алынышы мүмкүн эмес” деген ченемдин Баш мыйзамга туура келер-келбесин териштирүү үчүн Конституциялык палатага апрель айында кайрылган.

 

“Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдын 12-беренесинде экс-президентти кылмыш жообуна тартууга, кармоого, камакка алууга жана суракка чакырууга болбой турганы көрсөтүлгөн. Ошондой эле анын турак жайын тинтүүгө, кат алышуусун ачууга же сүйлөшкөн сөздөрүн тыңшоого тыюу салынган.

 

Парламент депутаттары Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев экс-президенттин чексиз кол тийбестик укугун азайтып, аны депутаттыкы менен теңдештирүүнү караган мыйзамдык өзгөртүүлөрдү иштеп чыгышкан. 

 

Булак: "Азаттык"