- Кыргызстандагы министрлердин жана алардын орун басарларынын чет мамлекетке үй-бүлөсү менен бюджеттин эсебинен барганы орундуу эле ишпи?

 

Табылды Акеров, саясат таануучу:

 

“Мындай учурлар Атамбаевдин учурунда көп эле кездешти”

- Министрби, орун басарыбы, ким гана болбосун, бюджеттин эсебинен үй-бүлөсү менен чет өлкөлөргө эс алууга барат дегенге анчалык ишене албайм. Себеби, министр болгон адам, мыйзамдарды жакшы билет да. Ал кылмыш экенин жана билинип калса, жоопко тартылаарын. Бирок, биз Кыргызстанда жашап жатканыбызды эске алганда, бул деле мүмкүн болушу ыктымаал. Себеби, азыр мамлекеттик чоң кызматтарга тааныш билиш менен, тууган-уруктук байланышы аркылуу келип жатышат. Жердешчилик да күч. Ошого чиновниктердин билим деңгээли өтө төмөн. Өздөрүн кызматка бекири менен кудай сезип алышат. Анын артында чоң лөк колдоочусу турганда, эч нерсе болбойт деп, баарын кадимкидей эле кабыл алып, өздөрү билгендей жана каалагандай кыла беришет. Көп нерселер, чатак кырдаал болуп кетпесе билинбей деле калат.

Албетте, бул туура эмес. Бул мыйзам бузуу. Мындай учурлар көп эле кездешип келди. Өзгөчө Атамбаевдин учурунда.

Эсиниздерде болсо, Бажы кызматынын бүтүндөй жетекчилиги Дубайга барып жаңы жыл тосуп келген. Атамбаев учурунда баары эле тааныш-билиш менен кызматка келип олтуруп, өтө көп мыйзам бузуулар орун алган. Мамлкеттик кызмат министрдин жеке вотчинасы катары кабыл алынып калган.

Бүгүн коррупция менен күрөш деп, тартип бир аз катуураак болуп калганы менен, айрым министрликтерде жана ведомстволордо дагы деле болсо эскинин саркындылары сакталып жатышы мүмкүн.

 

Мавлян Аскарбеков, активист:

 

“Эл душмандары да мындайга барбайт...”

- “Мамлекеттин акчасы” деген жок, элден салык иретинде чогулган жалпы казына болот. Айрыкча элчилерибиз, депутаттарыбыз, мамлекеттик кызматкерлер эл эсебинен жашап, анысы аз келгенсип үй-бүлөлөрү менен чет жакка эс алып жүргөнү булардын карапайым элдин душмандары экенин айгинелейт. Мен Улуу Британияда окуп, иштеп жүргөнүмдө элчилер айылдап, консул тамеки, арак сатып полицияга кармалып, бүтүндөй Кыргыз мамлекетин уяткарганына күбө болгом. Бийликке тааныш-билиш, туугандарды коюунун кесепети мына мамлекетке ушинтип тийип жатат. Жаңы бийлик эч кимден тайсалдабай, чечкиндүүлүк көрсөтүп, саясий элитаны, мамкызматкерлерди, сот, прокурор, күч органдарын ж.б. толугу менен сапаттуу жаңылоосу керек. Ошондо гана өзгөрүү, өнүгүү болуп, бетибиз жер карабайт.

 

Тимур Саралаев, активист:

 

“Өтө жат көрүнүш”

- Бул маалымат такталса, анда албетте муну жат көрүнүш деп бааласа болот. Эл ичинде ансыз деле бийликке ишеним абдан аз, а булар элдин эсебинен эс алып, сыртка чыгып, үй-бүлө мүчөлөрүн кошо сайрандатып жүргөн болот. Бирок алдын-ала бир нерсе деп айтуудан мурда, депутатн айымдын сөзүн иликтеш керек.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №036, 03.10.2018-ж.