Урматтуу Жанар Кубанычович!

 

Сизге кайрылуумдун себептери төмөнкүчө. Биз, 105 адам, 2016-жылдын 12-апрелинде “Элдик парламент” коомдук бирикмесин уюштурганбыз. Катарына бийликтин да, оппозициянын да адамдары кирген эмес. Максат - өлкөдөгү курч маселелерди көтөрүү эле. Алгачкы үч маселенин бири агездеги президент Алмазбек Атамбаевдин отчету жана анын өз ыктыяры менен отставкага кетүүсү болгон. Жүрөгү түшүп калган Атамбаев өткөн кылымдын 37-жылындагы саясий куугунтук ыкмасын колдонуп, бизди, бирикменин беш мүчөсүн каматкан. Анын жан-жөкөрү, УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин “далилдери” - бир сексоттун “мага Талгарбеков бийликти күч менен басып алууну айткан” деген бир ооз жалаа арызы жана өздөрүнүн жасалма материалдары. Бизден боевиктер тобу, курал-жарак, акча түгүл, бир рогатка же союл табышкан эмес. Коомчулуктан кылмышын жашыруу үчүн УКМК соттук териштирүүнү жабык өткөрүү боюнча мыйзамсын чечим кабыл алган. Саясий оппоненттердин соттук иштерине “гриф секретности” ыкмасын колдонуу Сегизбаев үчүн өнөкөт курал болгону бүгүн жалпыга маалым. Эгер бирикмеге мүчө кезибизде бешөөбүз тең мамлекеттик кызматта иштебесек, анда биздин соттук иште кандай “мамлекттик купуя сыр” болушу мүмкүн?! Натыйжада, бийликке көз каранды райондук сот, прокурорлор бизди узак мөнөттөргө соттошкон. Мага жана Төрөбай Колубаевге он төрт жылдан, Марат Султановго он жыл, Тойгонбек Калматовго алты жыл, Александр Гусевге беш жыл беришкен. Биз каршы болуп Бишкек шаардык сотуна кайрылганбыз. Бирок ал жактагы бийликтин “киллерлери” өкүмдү күчүнө калтырышкан. “Акыры акыйкат заман келээр” деп, өткөн жылдын ноябрь айында № 27 абакка кеткенбиз. Анан бийлик алмашты, өзгөрүүлөр боло баштады. “Акыйкат, чындык келди” деп жаңылып алышкан саясий туткундар кезектеги оор соккуларга туш болушту. Жогорку сот май айында Аида Салянова жана Садыр Жапаровдун жаза мөөнөттөрүн толук күчүндө калтырды. Бектур Асанов, Кубан Кадыров, Эрнест Карыбековдордун мөөнөтү анча-мынча гана кыскартылды. Өмүрбек Текебаевдин башкы прокуратурага кайрылуусу четке кагылды. Жаңы бийликтин тушунда сот системасы эч өзгөрбөгөнү, ага ишеним нөлгө барабар экени, дагы эле зөөкүрлүк уланып жатканы таасын дайын болду. Ошол себептен, мен жана Төрөбай Колубаев экөөбүз Жогорку сотко арыз жазган жокпуз. Кийинки үмүт жаңы бийликтин кадры, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдо болгон. Мен ага июнда кайрылгам: “Жогорку сотко ишенич жок, өзүңүз акыйкаттык көрсөтүп, коомдук комиссия түзүп, соттук ишибизди ачык териштирип берсеңиз”- деп. Бирок, анын да колу-буту тушалуу көрүнөт. Мен катымды Жогорку сотко жөнөтүп тим болду. Кийинки үмүтүбүз кыргыздын чагылган жигити Уланбек Эгизбаевде болгон. Ал каза тапканда карайлап олтуруп калганбыз. Бирок жакында кезектеги үмүт учкуну жанды. Жогорку Кеңеш мунапыс мыйзамын кабыл алууну көздөп жатыптыр. Аталышындагы “1938-жылдагы саясий репрессиядан жапа чеккендерди эскерүү” деген сөздөрдү окуп, балким, “биз да, XXI кылымдагы саясий туткундар, абактан чыгабызбы”- деген ойго келдик. Долбоорду карасак, анда үчөөбүзгө (мага, Колубаев, Султановго) тоскоолдук коюлуптур. Биздин бир күн да жаза мөөнөтүбүз кыскарбайт экен. Балким, ал тоскоолдукту алганга жардам берээрсиз? Анткени, сиз жаш болсоңуз да акыйкат, чындык үчүн тайманбай күрөшкөн кыргыздын азамат жигити катары жалпы элге таанымал болуп калдыңыз. Ал кандай тоскоолдук? Эки жыл мурда бизге жамандык кылууга бардык күчүн жумшашкан Сегизбаев, Жолдубаевалар үчөөбүзгө КР Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесин чапташкан. Ал берене илинген адамга, азыркы мыйзамда жалпы, калган беренелер боюнча дагы, мунапыс берилбейт. Ал “куйту” берене боюнча Первомай райсотунун судьясы Мирлан Термечиков бизди мыйзамды тебелеп-тепсеп соттогон. Өзүнүз калыс болуңуз.

 

1. М.Термечиков таянган документ – бул “Элдик парламент” бирикмесинин Кыргызстандын элине кайрылуусу. Ал 2016-жылдын 7-майында “Трибуна” гезитинде жарык көргөн. Бирок УКМК кызматкерлери жасалма, көлөмү эки эсе көп, каталарга толгон Кайрылуу даярдашкан. Ал кагазга печатталган соттук иште сакталып турат. УКМК ошол жасалма “Кайрылууга” 12-майда “эксперттердин корутундусун” чыгартып, бизди күнөөлөгөн.

 

2. УКМК “эксперттерге” менин 2014-жылы “Арена” гезитинде чыккан “Атамбаев – миң жылда бир келчү кырсык” деген маегимди да беришкен экен. Алар: “ал маекте мыйзамсыз эч нерсе жок” деп “корутунду” беришет. Ал эми тергөөчүлөр айып таккан “регион аралык кастыкты козутушкан” деп “далил” катары алынган цитаталар дал ошол маектен жүз пайыз окшош алынганын байкабай калышкан. Бул кашкайган фактыга М.Термечиков көз жумуп койду.  

 

3. Мыйзамга ылайык, адистер “эксперт” деп аталыш үчүн атайын сертификатка ээ болушу зарыл экен. Ал эми биздин Кайрылууга “корутунду” бергендер “эксперттер” эмес, болгону “адистер” болуп саналаары сотто такталды. Муну УКМК “эксперт” деп тандагандар да өздөрү моюнуна алышты. Демек, алар “корутунду” эмес, “пикир” гана бере алышат экен. Ал эми “пикирге” өкүм чыгаруу дүйнө жүзүндө судья М.Термечиковдун гана колунан келээри айкын болду.

 

4. Өлкөбүздө “соттук-медициналык экспертиза” боюнча гана мыйзам жана ага ылайык Жобо кабыл алынып, иштелип келе жатыптыр. Ал эми “саясий экспертиза” боюнча мыйзам да, Жобо да жок экен. Аны адистер сотто өздөрү айтып беришти. Демек, биздин материалдарга жасалган “эксперттик корутундулар” толук мыйзамсыз экен.

 

5. Эгер “соттук-медицина экспертиза” мыйзамын карасак, коюлган күнөөлөр “толук такталган (категоричный) же божомол (вероятный) жыйынтык” деп аталып, биринчи жыйынтыкка гана өкүм чыгат экен. Ал эми бизге келген адистер бир ооздон “регион аралык кастыкты козутуу фактысы толук такталган деп айтууга эч негиз жок” деп кесе айтышты. Бирок тергөөчүлөрдүн, судья М.Термечиковдун “божомолдору” мыйзамдан өйдө турат экен.  

 

6. “Регион аралык кастыкты козутмак” деп биз келтирген цитаталар толугу менен А.Атамбаевдин сөздөрү экени сотто фактылар (видео, гезиттер) менен далилденди. Буга байланыштуу сотто илим доктору А. Жусупбеков: “ал сөздөр үчүн булар эмес, Атамбаев өзү соттолушу керек!”- деген пикирин айтты.

 

7. “Регион аралык кастыкты козутуу” беренеси боюнча УКМК же Башкы прокуратура бизге кылмыш ишин козгогон эмес. Козголбогон кылмыш иши  боюнча сот өкүмү чыккан практиканы биздин адвокаттар өмүрү көрүп-билишпептир. Атамбаевдин бандасы чексиз көпкөндүктөн соттоп салуудан мурда кылмыш ишин козгоп коюудан да эринишиптир. Жыйынтыктасак, “Термечиков феномени” деген мыйзамды алгач зордуктап, анан муунтуп өлтүргөн сот практикасы дүйнө тарыхында сейрек кездешсе керек. Бир эле берене боюнча жети ирет (!) мыйзамды тебелеп-тепсеп, ага какырып-түкүргөнү зөөкүрчүлүктүн, акмакчылыктын жеткен чеги эмеспи.

 

Урматтуу Жанар Кубанычович!

 

Сиздин көңүлдү жасалма эмес, чыныгы Кайрылууга бурам (текст төмөндө). Сизде тажрыйбалууюристтер менен аны кылдат териштирүүгө мүмкүнчүлүк чоң. Ал Кайрылууда “регион аралык араздаштарууну козутуу” фактысы барбы?Мисалы, андакөлдүктөрдү оштуктарга, нарындыктарды чүйлүктөргө же баткендиктерди таластыктарга түкүргөн сөздөр барбы? Андай фактыларды юристтер сизге таап беришсе, анда биз “күнөөбүз бар экен, туура эле соттошуптур” деп тынч олтуруп калалы. Элестетсеңиз, урматтуу Жанар Кубанычович, мыйзамдын бир да тамгасын бузбаган ушул эки барак Кайрылууну жазганыбыз үчүн Атамбаевдин “киллерлери” - Сегизбаев, Термечиков үчөөбүздү (мени, Колубаев, Султановду) беш жылга соттободубу! Акыл-эси ордундагы адам буга ишенбестир. Мындай зөөкүрлүк, наадандык XXI кылымда, “демократиялык өлкө” деп аталган Кыргызстанда болуп жатпайбы. Эгерде сиз биздин күнөөбүз жоктугуна ынансаңыз, анда учурдагы сот системасына ишенич жогун эске алып, мунапыс менен абактан чыгууга көмөк көрсөтсөңүз.Ал эми келечекте, акыйкат заман келгенде, сөзсүз акталаарыбызга бизде эч күмөн жок. Акылман кыргыз элибиз “ак ийилет бирок сынбайт”, “кыңыр иш кырк жылда билинет”- деп жөн жерден айтпаган эмеспи.

 

Молдовановка айылы,

24-сентябрь 2018-ж.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити

 

 

“Элдик парламент” бирикмесинин Кыргызстандын элине Кайрылуусу

 

Урматтуу мекендештер!

 

Кыргыз жерине элибиз узак жылдар бою көксөп күткөн, ак дилден самаган Чындык, Тартип жана Жакшылык бирге келе жатат. Ал үч алптын баскан дабышынан жер аалам дүңгүрөйт. Ал эми мамлекеттин идеологиясы менен иш-аракетинде Алдамчылыкка, Уурулукка жана Жүзүкаралыкка ишенген жана таянган президент Алмазбек Атамбаев учурда тулку бою титиреп-калтырап, жүрөгү оозуна кептелип, жандалбас урууда. Ал өзү башында турган Кара жолтой күчтөрү элге келе жаткан Чындык, Тартип жана Жакшылыктын жолун бекем бууп, тоодой чеп куруу далалатын жасоодо. Ал эми, 12-апрелде уюшулган «Элдик парламент» бирикмеси, учурда эл жүрөгүнө канжардай сайылган үч ири маселени тактап, алардын эң башкысы – президент Атамбаевдин токтоосуз отставкасы экенин далилдеген. Анын өз эрки менен кызматтан кетишине жол ачкан негизги он себептен аныктаган. Беш жыл аралыгында мамлекеттик башкарууну чакчелекей, башаламан кылып, өлкөнү өлөсө абалга кептеп, элди итке мингизген президент Атамбаев ал он себепке кандайча жооп жасады? Өткөн, 2010-жылдын 7-апрель окуясында: «миңдеген адамдар өлсө өлсүн, бирок биз жеңишке жетишибиз керек» деп, кан кечип бийликти басып алган Атамбаев отставка боюнча сунушту четке кагып, тескерисинче, кыргыз жерине кезектеги кызыл кыргынды салып, элди белчесинен канга чылап, өзү аман-эсен чет өлкөгө жөнөп кетүүгө белсенгени анык болду. Президент Атамбаевдин Кара жолтой күчтөрүн такшалган кара мүртөздөр – Абдил Сегизбаев, Мелис Турганбаев, Икрамжан Илмиянов, Чыныбай Турсунбеков, Тургунбек Кулмурзаевдер жетектеп жатыптыр. Кара жолтой күчтөрдүн чагымчылары Фарид Ниязов, Рыскелди Момбековго окшогондор «ок-дарысын» камдап, элге катуу сокку урууну көздөшүүдө. Бирок, Атамбаевдин Кара жолтой күчтөрүндө зор мыкаачы, аеосуз башкесердин пайда болгону көпчүлүктүн эсин оодарып олтурат. Ал башкесер – айтылуу Азиз Батукаев. Көрсө, аны түрмөдөн өзү бошотуп, кызыл килем салып узатаарда, Атамбаев: «башыма кыйын кезең келгенде жаныма кайтып, жардамыңды аябайсың.» деп, антташып-шерттешиптир. Азиз Батукаев кезинде кыргыз жигиттеринин көздөрүн оюп, кулактарын кесип, муунтуп өлтүрүп, Атамбаевдин терең ишенимине, чексиз урмат-сыйына татыган экен. Мына эми ошол кыйын кезең келип, кыргыз эли күтүп жаткан Чындык, Тартип жана Жакшылык менен Атамбаевдин Кара жолтой күчтөрүнүн бетме-бет жолугушуусунда Азиз Батукаев, жанкечтилерин буктурмаларга бекитип, эч ким күтпөгөн кызыл кыргын жасаары дайын болду.

 

Бирок, «түгөнгөн сайын түтөгөн, кырылган сайын күчөгөн» Айкөл Манас атабыздын азыркы урпактары Атамбаевдин Кара жолтой күчтөрүнө, башкесер Батукаевдин жанкечтилерине туруштук берип, 17-майды президент Атамбаевден кутулган күнгө, эгемен кыргыз мамлекетинин Жеңиш күнүнө айлантаарына ишенич зор жана бекем!

 

Урматтуу кадырман аксакал аталар жана ак элечекчен энелер!

 

Сиздерди «Элдик парламент» менен тилектеш болуп, Ала-Тоо аянтына чогуу чыгышса деген оюбуз да, үмүтүбүз да бар эле. Бирок, ал күнү Кара жолтой күчтөр капыстан кол салса, алардын аткан октору тийсе бизге тийсин, сиздерге тийбесин! Ошол себептен, 17 май күнү, урматтуу аталар жана энелер, улуу батаңыздарды миң кайталап, кыз-келиндер, жаш балдар менен үйдө дасторкон жайып, боорсок бышырып, «кыргыз эли арамза Атамбаевден тынчтык жолу менен кутулсун!» деп тилек кылыңыздар!

 

Урматтуу айыл тургундары!

 

  Ааламга жол айылдан башталат. Айылдар оңолсо гана өлкө оңолот. Өткөн чейрек кылымда эгемен кыргыз мамлекетинин оор жүгүн айыл калкы көтөрдү. Кийин Атамбаевдин чакчелекей башкаруусунда айылдын бели мертинип, кымбатчылык, жокчулуктун сазына терең батты. Ошол себептен, 17-майда, «Элдик парламент» бирге, Ала-Тоо аянтында, сиздер өз талап-максатыңарды ачык айтыңыздар! Биз сиздердин колдооңорду көрүп-сезип, шыктаналы, кубаналы!

 

Урматтуу ишкерлер!

 

Сиздер эгемендик жылдары башыңардан сан жеткис кыйынчылыктарды өткөрүп, бутка турдуңар. Бирок Атамбаевдин чирик бийлиги сиздерди да алсыратты, кансыратты. Атамбаевдин: «инвесторлорго бейиш орнотом», «ишкерлерге жомоктой шарт түзөм» деген убадалары куру сөз, калп болуп чыкты. Өлкөбүз учурда масштабдуу экономикалык реформаларга, ал эми ишкерлер мамлекеттик ири колдоого суусап турат. Келиңиздер, ал реформаларга кеңири жол ачуу үчүн дилетант Атамбаевден кутулалы!

 

Урматтуу интеллигенция өкүлдөрү!

 

Коомдун өнүгүшүндө сиздердин чоң таасириңер талашсыз. Бирок өткөн чейрек кылымда сиздер элге туура жол чапкан, жарык чачкан катмар боло албаганыңар да факт. Атамбаев кыргыз улутун жоготуп, кыргызды маңкурт кылуу максатын үстөккө-босток жарыялаганда ооз ачып каяша айта албадыНар. Учурда сиздер президент Атамбаевдин мамлекеттик башкарууга Алдамчылык, Уурулук жана Жүзүкаралыкты бекем орнотконун көрүп-билип туруп, бирок, тилекке каршы, Атамбаевден кооптонуп-жашынып, көмүскөдөкызуу талкуулап келе жатасыңар. Балким, ар тараптуу илим-билимиНерге мекенчил сезим, кайрат кошуп, сиздер да 17-майда Ала-Тоо аянтына келип, акыл-эстүү, жүйөөлүү кебиңерди айтаарсыздар?

 

Урматтуу укук коргоо органдырын кызматкерлери!

 

Эл тынчыгын сактап, мекенди коргоодо сиздердин эмгек өтө бийик жана ыйык. Ал эмгектер татыктуу бааланбай келе жатканын эч ким тана албайт. Ал гана эмес, улам жаңы бийлик сиздерди оппозицияга каршы коюп, ур-токмокко алдырып, кийин соттоп да жатышат. Бул жолу алдамчы Атамбаевдин куралына айланбагыла! «Элдик парламентти» колдоп, 17-майдагы жыйынына бизге кошулуп, өлкөнүн коопсуздугун, элдин ынтымагын бирге сактап чыңдоого жардам кылыңыздар!

 

Урматтуу мигрант боордоштор!

 

Сиздерге кыргыз мамлекетинин карызы сан жеткис. Сиздер мекенде калган туугандарды да багып келе жатасыздар. Билебиз, сиздер мекенден жардамды үмүт кылбадыңар. Болгону Кыргызстанды президент Атамбаев кыйратып жатканын көрүп, жүрөгүңөр сыздап келди. Келиңиздер, популист Атамбаевден чогуу кутулуп, өлкөнү туура жолго салалы!

 

Урматтуу жаштар!

 

Учурда мекенибиздин тагдыры кыйчалыш абалда. Бир дараметсиз, куйту президенттен эртелеп кутулуу үчүн жалпы эл иштеринен алаксып, арасынан 50-60 миң адам Бишкеке чогулууга аргасыз.  Аларды Атамбаевдин Кара жолтой күчтөрү нан-туз менен эмес, курал-жарак менен тосуп алмай болду. Ошол себептен, сиздер мекенди чексиз сүйөөрүңөрдү далилдеп, 17-майда «Элдик парламенттин» жыйынына келген адамдардын коопсуздугун сактоого жардам бергиле!

 

Урматтуу ордолуу Ош тургундары!

 

Сиздер Бишкекке 17-майда келип, 2010-жылдагы июнь коогалаңында: «өзбек-кыргыз согушун баштай бергиле, беш-алты кемпай  кыргыз өлсө эчтеке болбойт, туугандарына акча берип, ооздорун жаап салабыз» деп, түштүктүн элине кан жуткузуп, энелерди жесир, балдарды жетим калтырган Атамбаевге айтаар сөзүңөрдү айтып кетиңиздер! Ал эми 2011-жылы: «мен түндүктүн гага президенти болом. Түштүктүн мага кереги жок!» деп ызырынган Атамбаевден ал эмне үчүн түштүк калкын терең жек көрөөрүн өзүнөн сурап көрүңүздөр! Атамбаев президент катары түштүктүн чыгаан уул-кыздарын куугунтуктап, бир тобун түрмөдөсыздатып-боздоткон себептерин да териштирип кетиңиздер!

 

Урматтуу Жалал-Абад тургундары!

 

Өткөн эгемен чейрек кылымда акыйкаттык үчүн күрөштө сиздер дайыма жол баштап келдиңиздер. Бирок, зордукчул бийликке  «акыйкат сөзүбүздү айталы» деп чыркырап көчөгө чыккан жалалабаддык баатыр энелерди Атамбаев «катындар», «ОБОНдун мүчөлөрү» деп мазактап, аларга заар тилин тийгизди. Акыйкат үчүн, Жалал-Абад калкы 17-майда Бишкекке келип, жүзүкара Атамбаевден баатыр энелер үчүн кечирим суратып кетиңиздер!

 

Урматтуу Сары Өзөң Чүй тургундары!

 

Берекелүү Чүй өрөөнүнөн илим-билим, маданияттын мыкты инсандары, ири мамлекеттик ишмерлери чыгышкан. Алардын бири Союз мезгилинде  Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысы болгон – Султан Ибраимов.  Ал адам менен жалпы кыргыз эли сыймыктанат. Ал эми Атамбаев Ибраимовдой залкар инсанды «ал менин шоопурум Икрамжан Илмияновдой эле киши болгон» деп, чүйлүктөрдүн ар-намысын тебелеп-тепсегенден тартынбады. Сиздер келип, 17-майда Атамбаевге улуттун руханий дөөлөттөрүнүн маани-маңызын түшүндүрүп бериңиздер!

 

Урматтуу Ысык-Көлдүн тургундары!

 

Касиеттүү Ысык-Көл жалпы кыргыз элинин сыймыгы. «Кыргыз берметин» жээктеп жашаган элден айтылуу Жети Аке чыккан. Ал эми кыргыз элин ачык кордоого кыныккан Атамбаев : «ысыккөлдүктөр каракчылар, бандиттер» деп кемсинтүүдөн кайра тартпады. Жети Акенин азыркы урпактары 17-майда Бишкекке келип, анык каракчы, бандит Атамбаевдин дал өзү экенин Ала-Тоо аянтында айтып бериңиздер!

 

Урматтуу Баткендин тургундары!

 

Сиздерди чек-ара маселелери абдан кыйнап келе жатат. Жалпы түштүктөгү ал оор маселени чечүүдө президент Атамбаев коңшу өлкөлөр менен араздашуу жолун тандап алган. Ал «Керимов эки-үч жылда өлөт, анан чек ара маселесин чечебиз» деп, кыргыз-өзбек мамилесине чагым салды. Ал эми тажик президенти Рахмондон «Атамбаев –ит» деген жек көрүү сөз укту. Сиздер 17-майда келип, Атамбаевге чек-ара жана башка көйгөйлүү маселелерди акыл-эс, жакшы мамиле, макулдашуу жолдору менен чечүүгө мүмкүн экенин түшүндүрүп бериңиздер!

 

Урматтуу Нарындын тургундары!

 

Теңир-Тоодо жашаган нарындыктарды президент Атамбаев: «ашка жүк, башка жүксүңөр» деп жерип, ыңгайы келсе Кыргызстандын курамынан чыгарып жиберүүгө дилгир экенин көрсөттү.  Ал аз  келгенсип: «силер Нарын дарыясын заараңар менен булгап жатасыңар», «мал менен жүрүп мал болуп калгансыңар» деп мазактады. Сиздер 17-майда келип, ким «ашка жүк,башка жүк»,  «ким мал, ким адам» экенин Атамбаевге далилдеп бериңиздер!

 

Урматтуу Таластын тургундары!

 

Касиеттүү Талас элине президент Атамбаевдин өзгөчө кеги бар. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду  алдоодон тартынбаган Атамбаев, ал кегин ачык айтып келе жатат. «Таластыктар-катынсыңар, жоолук салынып алгыла», « Таластын эли – эл эмес» деп кордоп келет. Сиздер да 17-майда келип , таластыктар намыскөй экенин, кемсинтип-басынтууга татыктуу жооп берерин Атамбаевге түшүндүрүп бериңиздер!

 

 

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары!

 

Ордо калаанын мэр кызматын Атамбаевдиниш билбеген табакташ достору кезеги менен жетектеп, учурда Бишкек чоң айылга айланды. Шаарды туташ кризис чулгап, учу-кыйырсыз проблемалардын чечилээр түрү көрүнбөйт. Эки жолку төңкөрүштөн абдан жабыркаган шаар калкы 17-майда өтө турган «Элдик парламенттин» жыйынынан алгач кооптонгону ырас. Бирок, президент Атамбаевдин жалган сөз, куру убада, чаржайыт, майнапсыз иштеринен чарчап, тажап бүткөн шаардыктар, кийин “Элдик парламенттин” максатын терең түшүнүп , абдан кубаттап-колдошуп, “жыйынга жабыла катышабыз” деп жатышат. Келиңиздер, алдамчы Атамбаевден кутулалы!

 

Урматтуу мекендештер! 

 

Биз сиздер менен, 17 май күнү, баш калаабыз Бишкектин Ала-Тоо аянтында, «Элдик парламенттин» жыйынын өткөрөбүз. Максатыбыз - кыргыз жерине келе жаткан Чындыкты, Тартипти жана Жакшылыкты зор үмүт-тилек менен, майрамдык маанайда жана ынтымакта тосуп алуу! Эл ишениминен, колдоосунан эбак ажыраган президент Атамбаевден, анын жандай көргөн шериктери - Алдамчылык, Уурулук жана Жүзүкаралыктан биротоло кутулуу! Биз сиздер менен, 17 май күнү, эгемен кыргыз мамлекетинин Жеңиш күнүндө, «Атамбаев, жогол!» деген ураан, сунуш менен Ала-Тоо аянтында кол кармашып, бирге бололу! Ал Улуу күнү уюткулуу, касиеттүү кыргыз элинин айкөлдүгүн, акыл-эстүүлүгүн, сабырдуулугун, маданияттуулугун жана ынтымагын бүт дүйнө жүзүнө үлгү катары көрсөтөлү, тааныталы!