Кыргызстанда эффективдүү иш алып бараткан менеджерлер саналуу эле. Алардын катарына “Манас” эл аралык аэропорту” ачык типтеги АКнын башкармалыгынын төрагасы Эмир Чукуев кирет. Анын тушунда башкы аба майданыбызда кандай өзгөрүүлөр жүз алганын сандар менен айтып, окурмандын башын оорутпай эле коелу. Тек гана бул өзгөрүүлөрдү ар бирибиз барганда өз көзүбүз менен көрүп жүрбөйбүзбү...

 

Эмир мырзанын ийгилигин көрө албагандар б.а. анын кызмат ордуна көз арткан айрым адамдар бүгүн ар кандай ушак таркатып, “Манас” аэропортунун башчысын коррупционер көрсөтүү далалатын жасашууда. Өйдө жакка чуркап барып, жалган маалымат берип, жаманатты көрсөтүү менен ордун тартып алууга кызыкдар адамдар кимдер экени да белгилүү.

 

Жалганчылардын маалыматына үңүлсөк, Эмир Чукуев “Манас” эл аралык аэропорту” ачык типтеги АКсы тарабынан “Манас менеджмент” компаниясынын 80 пайызын сатып алууда өз кызыкчылыгын көздөп, ортодон миллиондорду, тагыраагы ошол акциялар пакети бааланган 12 миллион долларды жеп алган имиш.

 

“Манас менеджмент” компаниясы – бүгүнкү күндө жөн гана учактарды тамак-аш менен камсыз кыла турган ишкана эмес. Анын курамында керектүү заманбап жабдуулары бар абак-ташуу борбору бар, учактарды жогорку сапатта тейлеген. Борбор Азия өлкөлөрүн Тынч океан, Алычкы Чыгыш жаан Европа менен байланыштыруу багытында иш алып барууда. Анын 80 пайыз акциясы буга чейин австриялык “T&FTrade&FinanceGes.m.b.H.” компаниясына таандык болгон. Көз карандысыз баалоочулар тарабынан 80 пайыз акция 25 миллион долларга бааланган.  Бирок, Эмир Чукуев баш болгон жетекчилик көшөрүп олтуруп, анын баасын эки эсеге азайтууга жетишип, 12 миллион долларга сатып алууга жетишкен. Эгерде Эмир Чукуев чечкиндүү кадамга барбаганда, “Манас менеджментти” түрктөргө тийиштүү “Челеби” компаниясы сатып алууга даяр турган. Эгер түрктөр сатып алган болсо, бул биздин өлкөнүн коопсуздугуна да урулган чоң сокку болмок. Демек, Эмир Чукуевдин патриоттук кадамын эмнеге баалап, айтпашыбыз керек? Тескерисинче, шыбагандын ордуна мындай професионалдуу менеджерди өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн пайдалана билишибиз шарт.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити