Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин алты жыл бийлигинин тушунда кандай иштерди жасаганын иликтеген элдик комитет түзүлөт. Басым, негизинен Белизден келген документтерге жасалат. 

 

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, Белизден келген  документтер жасалма болуп чыкты. Анын мындан ары да  чын-бышыгына жетүү үчүн атайын элдин комитетти түзүү демилгесин көтөрүүдө. 

 

"Эл ишениш үчүн элдин комитет түзүү керек. Элдин арасынан чыккан калыс жана билимдүү адамдар кошулсун. Ал турмак Атамбаевдин айланасында жүргөндөрдөн да кошобуз. Баарылап Белизгейтти иликтейли. Эгер документ жалган экени далилденсе, Атамбаев жообун бериш керек", - деген депутат экс-президент жасаган иши үчүн мыйзам алдында жазасын тартуусу зарылдыгын белгилеген. 

 

Эске салсак, 14-сентябрда "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында УКМКнын жеке коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Бактыбек Мурусалиев Белизден эч кандай документтер келбегенин ачыктаган. Ал УКМК Белизге кайталоо сурамжылоо жөнөткөн, бирок алынган жооп экс-төрага Абдил Сегизбаевдин буга чейин айткандарын толугу менен жалганга чыгарган. Ал жактан келген маалыматтарга караганда, "Ата Мекендин" депутаттары эч кандай уюлдук оператордун акцияларына ээлик кылышкан эмес. 

 

Эки жыл мурда аталган фракциянын айрым депутаттары Белизден келген документтердин негизинде коррупцияга шектелишкен. Жакында Абдил Сегизбаев да Белизден эч кандай документ келбегенин, алуу жолу татаал болгондуктан, депутаттарга кыйыр шек жаратышканын гана айткан. 

 

Айрымдар, жалган маалымат менен депутаттарды айыптоо ошол кездеги президент Атамбаевдин ойлоп тапканы деп кабыл алышууда.