Коомдук-саясий “Майдан KG” гезитинин жетекчилиги Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) аталган басылманын үстүнөн жазган даттануусун негизсиз деп атады. Башкы редактор Нургазы Анаркулов “Азаттык” радиосуна билдиргендей, алар гезиттин аброюн коргоо үчүн күрөшүүгө даяр.

 

Быйыл августтун этегинде партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева басылма экс-президент, партия лидери Алмазбек Атамбаевге көө жапкан макала жарыялаганын айтып, Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссияга кайрылган.

 

Партиянын маалыматына ылайык, гезит "Атамбаев мамлекеттик төңкөрүш кылууга камынып жатканы, Чүйдө жаштар менен жолукканы, акча таратканы" тууралуу маалыматтар далилсиз жазган”.

 

Басылма жетекчиси арызда айтылган өңүттөгү макала гезиттин августтагы сандарынын биринде чыкканын бышыктады:

 

- Биздин макала ошол эле партияга мүчө адамдардын далилдүү фактылар менен айтып берген маалыматтарынын негизинде жазылган. “Атамбаев төңкөрүш жасай турган кадамга барышы мүмкүн эмес” деген сыяктуу пикирлерди да кошуп чыгарганбыз. Ушак жазбаганыбызды далилдөө үчүн соттошууга да даярбыз,- деген Анаркулов КСДП сөз эркиндигин чектөөгө аракет кылып жатканын кошумчалады. Ошондой эле партиянын арызында “Майдан KG” деген аталыш “Майдан пресс” деп туура эмес аталганын айтты.

 

Партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева муну сөз эркиндигине каршы кадам эмес, журналисттик этиканы сактоо талабын коюу деп түшүндүрүүдө.

 

Партия ушул өңүттөгү талап менен “Майдан KG” гезитинен тышкары, "Kyrgyztoday.kg" жана "NazarNews.kg" сайттарынын үстүнөн да даттанган. Сайттардын жетекчилери жетекчилери кайсы макала тууралуу сөз болуп жатканынан кабарсыз экенин, тактап чыккан соң комментарий берилерин билдиришкен.

 

Кыргызстандын журналисттеринин 23 беренеден турган Этикалык кодекси 2007-жылы кабыл алынган. Он жылдан ашуун убакыттан бери маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссия ыктыярдуу түрдө иштейт. Журналисттерден жана жарандык коом өкүлдөрүнөн куралган 13 кишиден турган комиссия маалымат каражаттарына болгон нааразылыкты сотко жеткирбей жөнгө салууну көздөйт. Жетекчиси - юрист Шамарал Майчиев.

Комиссиянын чечими сунуш катары эсептелет, юридикалык күчү жок.

 

Быйыл августта КСДП аталган комиссияга кайрылып, "Кабар-инфо" гезитине мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго байланыштуу калыс жазылбаган макала чыкканына даттанган. Комиссия аны текшерип, журналисттин этикалык кодексинин айрым беренелери бузулганын аныктаган жана төгүнгө чыгарууну сунуштаган.

 

Булак: "Азаттык"