- Алманбет мырза, Кожобек Рыспаевдин КСДПдан чыгарылышы саясый кризистен кабар бербейби? Эми ал фракциядан дагы чыгарылабы?
- Негизи КСДП фракциясы Рыспаевди катарынан чыгара албайт. Чыгара турган азырынча негиз жок. Бирок, фракция менен партиянын ортосундагы карама-каршылыктар КСДПнын ичиндеги саясий кризисти айгинелеп койду.
- КСДП мындан ары толук кандуу Атамбаевдин колуна өтөбү же андан тартып алуу аракеттери күч алабы?
- КСДПнын ичиндеги кризис көпкө созулат. Чубактын кунудай болуп сот иштери менен уланат. Анткени, эки тарап тең бири-биринин чечимдерин легитимдүү эмес деп соттошконго чейин барат деп ойлойм. Атамбаевди партиядан чыгаруу майнап алып келбейт. Анткени ал “партияны рейдерлик жол менен тартып алышты”- деп мамлекеттик ресурсту күнөөлөйт, соттошот. Ошентип чыр бүтпөйт.
- “КСДП Атамбаевсиз” деген ураан менен дегендер чыга баштады. Бул нерсе ишке ашчу ишпи?
- Албетте, ишке ашат. Бирок, Атамбаев жөн эле алдырып ийип отуруп калбайт. Соттошот, партияны күч менен рейдерлик кылып тартып алышты деп айгай салат.
Чынайым Кутманалиева
Булак: “Майдан.kg” газетасы, №34 (371), 12.09.2018-ж