- Эркингүл эже, Атамбаев КСДПны толук кандуу колго алуу үчүн тазалап жатабы?

 

- Менимче, Алмазбек Атамбаев өзүнө жакпаган саясатчылардан арылуу максатында партияны тазалап жаткан жок. Эбак эле ал ишенген адамдар аны сатып, качып кетишкен. Ал ишенген  адамдардын жарымы иш козголуп абакта отурушат. Партиясынын  азыркыдай абалга кептелишине жана  иш козголгон чиновниктерге Атамбаевдин кандайдыр бир деңгээлде күнөөсү бар. Анткени баардык маалыматтар менен тааныш болчу.  Учурунда маани бербеген үчүн ушундай жагдай орун алды. Азыр КСДПнын региондо адамдары деле калган жок. Алар эчак эле бурулуп кетишкен.  Ага болбой эле партиясын жана кадырым баштагыдай деп ойлоп, азыркы президентти сындап жатат.

 

- Экс менен азыркы президенттин пикир келишпестиги  эмне менен аякташы мүмкүн?

 

- Экс менен азыркы президенттин ортосундагы тирешүүнүн аягы сот менен бүтүшү мүмкүн. Экс-президенттин мыйзамсыз иштери далилденбесе, 2020- жылдагы парламенттик шайлоого Атамбаев катуу даярдык көрөт.

 

- “КСДП Атамбаевсиз” деген ураандан, аны партиядан сүрүп чыгарам дегендерден майнап чыгабы?

 

- “КСДП Атамбаевсиз” деген ураандан эч нерсе чыкпайт. Анткени ал партия чынында Атамбаевдики. Сооронбай Жээнбеков мыйзам боюнча эч бир партияда эмес. Бирок өзүнүн жактоочулары, колдоочулары азыр башка партия түзүп иштей башташы керек. Болбосо, 2020- жылкы  Жогорку Кеңештин шайлоосуна даярдык көрбөсө кыйын болуп калат.

 

Булак: “Майдан.kg газетасы, №34 (371), 12.09.2018-ж