Мамлекеттин келечеги ар бир жарандын колунда эмес, ал ар бир жаран шайлаган президенттин колунда. “Өлкөндүн тагдыры өзүңдө” деген кеп штампка айланды. Иш прогресс тарабына түртүлбөй калса, штапм тарабына түртүлөт. Дүйнөнүн жарандары дүйнөнүн тагдырын чечпейт, бирок кыргыз жарандар кыргыз президенттинин тагдырын оңой эле чечип коет, антпесе ажолорубуз өлкүдөн качпайт эле да. Кыргыз элинин өзгөчөлүгү ушунда, тарыхый мисалды эки сыйра жаратты. Мындай мисалдан уялбайсың.

     

31-август күнү бизде салтанаттуу аянтта президентибиз 27 жылдан бери такай жалгыз турат, жанында экс-президент деген адамдар жок. 15 жыл Акаев ушинтип турду, 5 жыл Бакиев, анан 6 жыл Атамбаев. Ооба, булардын ортосуна Роза Отунбаева кыпчылды (2010-жылы убактылуу башкарган), Борис Годунов сыяктуу “президентсиз” учурда “качкындардын” ордун толтуруп, “танапис” болгон. 2017-жылы 31-август майрамында Атамбаевдин жанына тура коем деп, анын каарына калган, элдин көзүнчө ошол жерден “фиаско” болуп кетти. Демек, эгемендүүлүктүн күнүндөгү салтанаттуу жерде кыргыздардын экс-президенттери эч качан турушкан эмес.

 

Быйыл төртүнчү президент Жээнбеков (санатка шайлоодон өткөндөр гана кирет)  биринчи жолу журт башчысы катары “31-августун” өткөрдү, анын жанында толук ыйгарымдуу экс-президент Атамбаев олтурбады. Бул “Качкынбай” эмес дечи,  бийликти Конституцияны бузбай өткөрүп берди, салтанатка чакыруу алды, бирок келбеди, себеби Отунбаева менен жанаша (ранг боюнча ушундай) тизелерин тийгизип кантип олтурмак эле. Олтурбайт.

 

Жээнбеков болсо сөгүнбөй-төгүнбөй жакшы сөздөрдү айтты, өтө туура сөздөр, бирок өтө абстрактуу. Сегиз айдан бери күткөн сөздү айтпады, өзбектүн президенти Мирзиёев шайлоодон өтөр замат саясый туркундарга жасаган кааданы жасабады. Ташкент мындай туткундарды бошотуп салды. Булар Ислам Каримовду сындашкандар, сатиралык ырларды жазгандар, карикатура сүрөттүрдү тарткандар, митингдерге чыккандар, айтор бул таза саясат, экономикалык түрдөгү кылмыш эмес, мамлекеттин казынасына колдорун салгандар эмес, болгону жеке адамга сыйынуудан баштарын тартышкандар. Азыр булар боштондукка чыгышты.

Бизде саясый туткундар Акаевдин учурунда пайда болушту, сан боюнча аз эле, бир колдун манжаларындай эле - Т.Тургуналиев, З.Сыдыкова, Ы.Омурзаков, А.Алянчиков. Буларды бир-эки ай түрмөдө кармашты, анан коомчулук нааразычылыгын билдиргенде бошотушту. Баарысынан көп олтурган Топчубек Тургуналиев, бирок муну да “досрочно” чыгарышкан. Бакиевдин учурунда саясый  оппоненттер түмөгө олтурбай эле, “жолдон жок” болушту  - Г.Павлюк, М.Садыркулов. Атамбаевдин заманы келгенде репрессинын толкуну сүрөтчү Левитандын толкунундай асманга чыкты. Телефон менен сүйлөшүүнүн “распечаткаларын”, чет өлкөлүк адам менен түшкөн фотолорун, энергетика боюнча жарыялаган анализдерин “далил” кылып атактуу инсандары көп жылга эркинен ажыратышты. Булар  азыр  туткунда, мамлекеттин мүлкүнө кол матырып, пара алып, арам аракеттерди жасаса бир жөн, болгону ажого каяшалыкты көрсөтүштү. Ажо болсо “тил кесмей” деген  ыкманы өздөштүрүп алып, оппоненттерди бастырды. Бул калың журт тааныган инсандар - Бекболот Талгарбеков (экс-министр), Бектур Асанов (экс-губернатор), Кубанычбек Кадыров (экс-министр орун басары), Канат Исаев (экс-депутат), Э.Карыбеков (эксперт) жана  үзөнгүлөштөр.

 

Булар кыргыз мамлекеттинин душмандары эмес, булар Атамбаевдин душмандары, ушул адамдын “жекеленген үстөмдүгүнө” (“культ личности” деп аташат мындайды) каршы чыгышкан. Алмазбек болсо “Партия менен Ленин” сыяктуу эгиздин түгөйү эмес. Коомчулугубуз салмактуу түрдө өзүнө “калыс бол, мырза президент” деп кайрылган, бирок ал өзүнүн “амбициясынан” чыгалбады. Эми ал бийликтен түштү, коомчулук жаңы президенттин “калыстыгын” күтүп жатат. Өзгөрү болбосо, Атамбаевдин “душмандары” кыргыз бийлигинин “душмандарына” айланып калат, президенттен президентке өткөн “эстафета” уланат. Анан ушул “марафон” өлкөгө пайда алып келеби?

 

 “Мамлекеттик көңтөрүштү даярдашты” деп күнөөлөсө, анда ошол кылмыштын изин табыш керек, телефондук сүйлөөшүлөр из эмес, себеби “жер жана кыймыл” (“место и действие”) деген юридикалык категорияга кирбейт. Мамлекеттин темир дубалынан секиргенде “жери” да бар (забор), “кыймылы” да бар (секирик). Беркилерге келсек, эч нерсе жок, эч кимиси секирбеди, аянтка чыгып эч кимиси кол булгабады, бирок “мына, сага” деп кылмыштын беренесин илип салышты. Энергетика боюнча экспертти алсак, анын иши анекдоттун сюжетине барабар - ал “ТЭЦтеги авариянын сценарийин” чет элдик агентке “сатып жиберди” деген имиш чыкты, анан ошол сценарийди чиновниктер кышында сахнага коюп, “ийгиликтүү” ойноп беришти. Болгону ушу, Э.Карыбековдун айтканынын баарысы Бишкектин табиятынан  (природасынан) орун алды, демек буга “кыраакылык” үчүн орден бериш керек, демек бул адам “душман” эмес, калгандары да Ата-Журтка душман эмес.

Ушундан эми суроо туулат. Эмнеге булар абакта жатыш керек, сот ишин кайрадан карап, калыстыкты ордуна койсок болбойбу, мындай кылсак сот бийлигине “кишен” салынабы? Ажонун азуулугу менен күнөө тагылганда “кишен” болгон жок беле, ошол учурда кыргыздын Фемидасы көзүн жоолук менен таңып алды беле? Жок, аны 90-жылдарда эле чечип салышкан, эми ошондон бери кыргыз сотунун көзү ачык, баарын көрөт, Ак үйдөгү майда барат жылыштарды даана көрөт жана ошол жактан чыккан “калоону” заматта аткарат. Президент муну кызматка коюп-алуу чараны жеке өзү чечкендиктен, анын астында сот так-текеге окшоп калды. Алдынкы өлкөлөрдөгү дүйнөлүк тажрыйбаны кыргыздардын сот системасына сиңиртишибиз керек.

 

Азыркы кырдаалда бизге өзбек президентинин саясый туткундарга жасаган мамилесинин үлгүсү керек. Бул абдан жакшы үлгү (дурной пример эмес), бул сот системасына чүлүк салуу эмес, бул мамлекеттик денгээлдеги акылдуулуктун жана президенттик денгээлдеги акыйкатчылыктын белгиси. Мындай мисалдар тарыхка жаркыраган нур катары кирет, ал эми ажонун амбициялары ал жерде кара так сыяктуу сакталат. Бизде чоң үмүт бар, Кыргызстандагы азыркы президент тегеректеги жашоодон жакшы үлгүнү алып, зыяндуу калдыктардан бошонуп, мындан ары саясый оппоненттерин жанчыбайт деп ишенебиз.

 

Кептин түбү президент сотторго “буйрук” берсин дегенде эмес, кеп  ошолорду ал  Конституциянын кепили катары туура багытка бурсун дегенде (муну “истинное правосудие” деп аташат). “Истина” болсо жөнөкөй эле - кыялы чукул падышанын кераяк энчи мамлекеттин мурасына кирбейт, анан ошондой падыша улуттун сыймыгы болбойт.

 

 

Кубан Мамбеталиев, Булак: “Майдан. kg” гезити