- Каныбек агай,  кыргыз эли эгемендиктин баасын-баркын биле алдыкпы?

 

- Бизге Эгемендик кыдыр даарыгандай эле келди. Балким, анын улуу маанисин анчейин кастарлабай жаткандайбыз. Ошон үчүн эгемендиктин баасын-баркын билбегендей сезим калып жатат окшойт.

 

- Азыр эгемендикке көлкөкө түшүргөн кептер айтылып, “Бажы союзуна киргени эгемендүүлүктөн кол жууганбыз”- дегендер четтен чыгат. Бул боюнча не дейсиз?

 

- Эгемен шартка гана ар бир улут толук бактылуу боло алат. Биз ошол бак таалайды өз колубуз менен курууга шанс гана алдык. Мамлекетибиз али биз ойлогондой кубаттуу эмес. Бажы биримдигинен уттукпу же уттурдукпу азырынча бүтүм чыгаруу эртерээк го.

 

- Эгемендикке ээ болгону мамлекет үчүн маанилүү нерселерди жасай алдыкпы же революция жасоо менен гана алек болдукпу?

 

- Тилекке каршы көп убакытты куру убара жана убадалар менен өткөздүк. Анан андан сабак ала албай койдук.

 

- Эгемендүүлүккө ээ болгону кайсыл окуяны маанилүү дээр элеңиз?

 

- Мен Манас эпосунун миң жылдыгын маанилүү окуя дейт элем.

 

- Кыргызстандын келечегин кандай элестетесиз?

 

- Мен Кыргызстан тез арада бакыбат, кубаттуу, толук кандуу демократиялуу жана сот адилеттиги орногон өлкө катары көргүм келет.

 

- Баса, президенттин Түркмөнстанга барган иш сапары мамлекет үчүн пайдалуу болдубу же..?

 

- Албетте, Түркмөнстан коңшу өлкө болгондуктан эң маанилүү"Стратегиялык өнөктөштүк тууралуу" келишимге кол коюлду.Ал эми Арал маселеси боюнча президенттин позициясын мен толук колдойм. Негизинен визит иштиктүү жана пайдалуу болду деп ойлойм.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити