- Өмүрзак Жолдош уулу, “Президент жана бомж-1-2-3”, “Москва сүйүусү”, Миллионердин сүйүүсү” тасмаларыңыз кеңири популярдуулукка жетишип, эми саясий “Төнкөрүш” фильмин тартууладыңыз. Анын баштапкы аталышы “Революция токтотулат” эле, мурдагы бийлик бир жарым жыл чыгарбай келди. Анда “Революция керексиз!” деген ойду айткыңыз келдиби?

 

 

- Кинолорубузга катышып жүргөн жалгыз эркек уулум бар. Мындан 2-3 жыл мурда элдин кайсы бир катмары көтөрүлүшкө даярданып атканын угуп, “ата, митингге чыгайын” дейт. “Митингчилердин максаты Ак үйдү басып алып, бийликти алмаштыруу. Башкы бийлик орунуна кол салгандарды аны кайтаргандар ок чыгарып коргоого укуктуу. Бөөдө окко учушуң мүмкүн. Өзүңө да, мага да, өлкөгө да оомо саясаттан алыс болуп, жакшы жумуштарды жасаганың керек. Революциялардын жыйынтыгын көрүп атабыз, эмне өзгөрдү?”- дедим. Өз уулум өңдүү башка балдардын да окко учушуна, адам өмүрү саясат курмандыгы болуусуна каршылык иретинде ушул фильмди тарттым. Айрым атамбаевчилер чычалап, “Казактардын же, Бакиевчилердин заказы” деп далбасалашты.

 

“Революция токтотулат” (“Революция болбойт”) 2016-жылдын октябрь айында тартылып бүтүп, мурдагы бийлик тарабынан көрсөтүлбөй, тыюу салынып келди. Кинобузду жакында Атамбаевдик бийлик акыркы куйруктары Исаков, Сегизбаев, Илмиянов менен кошо күм-жам болгондо гана чыгарууга туура келди. Болгону аталышын кыргызчалатып “Төңкөрүш” деп өзгөрттүк.

 

- Белгилүү кино жазуучу, продюсер, активдүү жаран катары собол. Азыркы учурда Атамбаевдер революция жасап, жээнбековдук бийликти кетирүүгө жан далбас уруп атканы айтылып, жазылууда. Алар бул бийликтин кашаңдыгын, экономикада өзгөрүү болбой атканын бетке кармашууда. Революциялык абал жаралган жокпу?

 

- Президент Жээнбеков коррупцияга каршы катуу күрөш ачканы көпчүлүккө майдай жагып атат. Мурдагы кош кабат өкмөт башчылар менен баш калаа мэрлерин баш-төш кылып элдин канын соргон ондогон аткаминерлерди темир торго тыкканы чоң эрдик. Болбосо Исаков менен Ибраимов Жээнбеков менен коюн-колтук иштешип, ал түгүл алар Сокенин президенттик шайлоосунда чоң күч болушкан. “Жээнбеков өзүн бийликке апкелген Атамбаев менен өзүнүн үзөңгүлөштөрүн сатып кетти,”- деп добулбас кагып атышпайбы. “Досумдан чындык жакын” деген улуу сөз бар да, жалпы коомдук адилеттик - адамдык жеке мамиледен жогору турат. Демек, жаңы ажобуз акыйкат жолун тандап, батыл киришти. Ооба, командасы тажрыйбасыздыктанбы, экономиканы өр алдыра албай, мүчүлүштүк кетирип жатат. Бара-бара даңгыр багытка түшөт деп үмүттөнүп туралы. Ишеним кредити түгөнө элек. Демек, революциялык кырдаал бышып жетилген жок.

 

Экинчиден, бийликке умтулган күчтөргө көксөгөн максатына жетүүгө мыйзамдуу туура жол бар. Айталы, жакын арада парламенттик шайлоо болот. Ага чейин Конституцияны кескин өзгөртүү зарылдыгы түзүлө элек. Бизде баш мыйзам боюнча экономикалык блок өкмөт башчыда. Министрлер менен облус башчыларын премьер-министр дайындайт. Демек, оппозициянын революциялык мыйзамсыз эмес, мыйзамдуу жол менен бийликке умтулууга толук шарттары бар.

 

Үчүнчүдөн, Атамбаевчилер 20 миллион эмес, 200 миллион доллар чачышканда да мамлекеттин коопсуздугун коргоого жамаатташ ОДКБ мамлекеттери көмөктөшүүгө укуктуу. Анткени, алар, Путин менен Назарбаев үчүн өйдө-ылдый сүйлөгөн, балп эттирме ишенимсиз Атамбаевден бир сырлуу, ишенимдүү Жээнбеков артык.

 

- Кыргыз саясатына Орусия жана Казакстандын таасири тууралуу айтып атасыз. Сиз убагында Москвада жогорку билим алып, эл аралык жазуучулар союзунда иштеп, кийин Путин тууралуу китеп чыгарып, Назарбаев тууралуу кино тартып, Орусия менен Казакстандын көрүнүктүү жетекчилери жана маданий ишмерлери менен мамиле күтүп жүргөнүңүз белгилүү. Чет өлкөлүк күчтөрдүн Кыргызстандын саясатына таасири канчалык?

 

- Бир мисал. Өткөн революциядан кийин Казакстан чек арасын жаап, кийин аны Атамбаев Европадан сынга алып, демек, биздеги кымкуут башаламандык кошуна мамлекеттерге олуттуу таасир тийгизет. Экинчиден, биз азыр ЕврАзия экономикалык бирлигинин, ОДКБнын, ШКУнун (ШОС) мүчөсүбуз. Үчүнчүдөн, бир миллиондон ашык элибиз Орусия менен Казакстанда иштеп, Кыргызстанга чоң тирек болүп атат. Төртүнчүдөн, экономикалык байланыш. Бир эле Орусия нефть продуктыларына пошлинаны кечкенден жылына миллиарддан ашык долларлык пайда көрүп атабыз. Андыктан кошуна улуу державалар сөзсүз биздеги стабилдүүлүккө кызыктар.

 

- “Карахан таажысы” көркөм жана “Дүйнөлүк Назарбаев” даректүү тасмаларын чет өлкөлөрдө тартканы жатасызбы?

 

- “Карахан таажысын” Казакстан, Өзбекстан, Турция менен бирдикте төрт өлкөнүн кино жылдыздарын катыштырып тартууга даярданып атабыз. Андан тышкары, мен көп жыл республикалык гезит-журналдарда кабарчы, башкы редактор болуп иштеген журналистмин. Жалаң көркөм фильм менен чектелбейбиз. Кийинки жылдарда чет өлкөлөрдө көп жүргөндүктөн алардагы бизге пайдалуу ийгиликтер жана алардын жетекчилери тууралуу да жазып, тартып келатам. Буйруса, “Дүйнөлүк Назарбаев” тасмасынын уландысын Европа, Америка өлкөлөрүнөн тартмакчыбыз.

 

- Сиз негиздеп аткан эл аралык “Ак бата” интернет телеканалында да саясатты курч чагылдырасыздарбы?

 

- Мурдагы президенттер Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев баш болгон белдүү саясатчылар жана чет өлкөлүк беделдүү ишмерлер  менен курч маектерди уюштурмакчыбыз. Саясий, маданий, деги эле турмуш-тиричиликтик кызыктуу жаңылыктарды чагылткан кыска, курч видеоматериалдарды жарыялап турмакчыбыз. Чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиз менен тыгыз кызматташып, алардын көйгөйлөрүн кеңири чагылдырууну мүдөө кылганбыз. Ал үчүн дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө бөлүм ачууну болжоодобуз. Ошондой эле Орусия, Казакстан баш болгон жамаатташ өлкөлөрдүн теле жана интернет каналдарына эл аралык маанидеги материалдарды даярдамакчыбыз.

 

Маектешкен Аэлита Сатындиева

Булак: “Майдан.kg” гезити