Досалы Эсеналиев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси болуп дайындалды. Тийешелүү жарлыкка бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

 

Өлкө башчысынын дагы бир жарлыгына ылайык, Алмаз Кененбаев президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды.

 

Д.Эсеналиев кеңири коомчулукка Акаевдин тушунда президенттин басма сөз кызматын жетектеп турганда таанылган. Андан кийин да аппаратта бир катар кызматтарда иштеген. “Республика”, “Бир бол” партияларынын аппаратын жетектеп, ар кайсы шайлоолордо жеңишке алып келген. С.Жээнбеков президенттик аппаратка алып келгенге чейин “Кыргызпатентти” жетектеп турган.