Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) Чүй облусунун Панфилов районундагы мүчөлөрү партиянын лигитимсиз лидери Алмазбек Атамбаевге каршы кезексиз жыйын өткөрдү. КСДПны түптөп, бул партиянын ысык-суугуна көп жылдан бери күйүп жүргөн Сагынбек Абдрахманов жыйынга 200дөй партиялаштары катышканын билдирди. 

 

“Буга чейин Сокулук, Москва, Жайыл районундагы мүчөлөрүбүз “Атамбаевсиз КСДП” деген ураанды колдогон. Бүгүн болсо бул демилгени Панфилов району толук кубаттады. Алар КСДПнын атын булгаган Атамбаевди партиядан токтоосуз кууп чыгууну талап кылды. Жакынкы күндөрү башка райондордо да мындай жыйындар өтүп, аягында жалпы курултайдын чечими менен Атамбаевди партиядан кууп чыгабыз”, - дейт ал

 

Ал эми партиянын Панфилов районундагы активдүү мүчөсү Бейшен Шаршенов А.Атамбаев партиялаштарынын атын булгап, Кыргызстанга болуп көрбөгөндөй зыян алып келгенин, анын партияда калууга моралдык укугу жок экенин айтат.

Жыйындын соңунда партия мүчөсү Алмазбек Атамбаевди төрагалыктан кетирүүнү жана партиянын саясий кеңешин алмаштырууну талап кылган резолюция кабыл алышты.

 

Булак: "Учур" ФБ