Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды. 14-августта аларга айып тагылып, бөгөт чарасы каралган. Буга чейин «Кылым Шамы» коомдук уюму аталган аскердик бөлүктө аскерлер сабалып, жалданма жумуштарга тартыларын айтып чыккан. Башкы штабдын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлү буга тийиштиги бар кызматкерлер жоопкерчиликке тартыларына ишендирди. Мына ушул Армиядагы чоң муштумдар качан токтойт? Аны токтотууга мүмкүнбү? Мурдагы коргоо министри генерал Исмаил Исаков менен маектештик.

 

- Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы, “дедовщина” толугу менен токтоду деп келет. Бирок офицерлердин окуясы бул билдирүүнү төгүндөдү. Негизи эле ушул сыяктуу көрүнүштөрдүн токтобой жатканынын башкы себеби эмнеде болуп жатат?

 

- Бул маселени терең караш керек. Албетте, ошол аскер бөлүктүн командирлеринин кетирген катачылыктары бар. Мен аскердик тартипти кармаш үчүн үч негизги пайдубалын айтып берейин. Биринчи аскер бөлүктөрүндө таң аткандан кайра жатканга чейин күн тартиби бекитилет. Таңкы алтыдан баштап, чуркоо, мылтык атуу сыяктуу күжүрмөн даярдык же күзөт бар. Мына ошол жердеги режимди бузуп, талаптар аткарылбай калууда. Экинчиси уюштуруу иштери. Ар бир аскердин кыймыл аракети, машыгууларга катышуусу, алардын жетишүүлөрү көзөмөлдө болушу шарт. Анан эң башкысы командир ошол аскерге келгендерди карай турган кол алдындагы офицерлерге карата күнүмдүк талаптары менен көзөмөл болушу керек. Мына ушулар аксап, өкүнүчтүү окуялар болуп жатканы ачуу чындык.

 

- Аскердеги ур-токмок мыйзам ченемдүү эле көрүнүш, келтек жеген жигит-чыныгы эркек болуп чыгат деген пикир калыптанып калган. Буга кандай дейсиз?

 

- Бул совет доорунан калган түшүнүк. Ур-токмок менен тарбиялоо туура эмес. Аскерде машыгуулар, техникаларды оңдоо, айдоо, убакытты туура бөлүштүрүү, адам менен тил табышуу, өзүн алып жүрүү сыяктуу көп жакшы жолдор бар. Мына ошолорду так аткарып, чыныгы жигит болуш керек. Ал эми ур-токмокко алып тарбиялоо деген өтө жаман нерсе.

 

- Милициядагы убактылуу кармоочу жайларга видеокамераларды орнотушпадыбы. Балким аскер бөлүктөргө камералар керекпи?

 

- Армияда камеранын жардамы жок эле көзөмөл күчтүү. Ар бир командирдин милдети уставда так жазылган. Ошону эле так аткарышы абзел. Ошондо жеке иштерге убакыт жок болот. Дагы бир жолу айтам, күчтүү көзөмөл бул жерде башкы ролду ойнойт. Мен ушул жерден бир нерсени белгилей кетким келет. Мына ошол армиянын, куралдуу күчтөрдүн башына дайындалган адамдар коррупция, уурулук сыяктуу мыйзам бузуулар менен иш козголуп, айрымдары камалып да жатат. Аларды көргөн кол алдындагылар да мыйзам бузууга барат да. Андыктан, кадр саясатын да жөнгө салып, өз ишин билген, абийири менен эсептешкен адамдарды тармактын башына дайындаш керек.

 

- Эми ушуларды аткарууга эмне тоскоол болуп жатат? Деги эле аскердеги ур-токмокту токтотууга мүмкүнбү, кандай жолдор бар?

 

- Жазгы, күзгү чакырык дебей, бир жылдык мөөнөт менен иш алып барыш керек. Ошондо үстөмдүк жоголот. Күжүрмөн даярдыктар үчүн шарттар жакшы эмес. Ал тармакка каражат бөлүп, талапты бардык тармакка катуу коюу зарыл.

 

Булак: "Марал"