- Эмне үчүн бул бийликтин да экономикалык саясатына коомчулуктун ичи жылыбай жатат?

 

- Атамбаевдин бийлиги 6 жылдын ичинде сырткы карызыбызды дээрлик 5 миллиарка жакын кылып жиберди. Элдин канын ичип, жеп-жутмайдын жеткен чегин көрдүк десек,  азыркы бийлик деле мурунку жол менен эле кетип бараткандай... Эми кеп азыркы президентте эмес, кеп бийликкке алып келген кекиртеги оозунан баштап, көчүгүнөн өтүп, тамандарына жетип калган чиновниктерде. Алардан кутулуп, башкаларга алмаштырса, кесипкөйлөр келсе жакшы болот болчу. Себеби, кандай деп айтсак да Акаев менен Бакиевдин мезгилиндеги чиновниктер азыркы бийликтеги билермандардан миң эсе өйдө дегиң келет.

 

- Кыргызстанга “жыргал жашоо курам, мамлекетти өнүктүрөм”- дегендин баары бийликке келсе эле биринчи кезекте кымбаттатуу маселесин көтөрүшөт?

 

- Акыркы 6-7 жылда бийликке криминалга жакын, уруулардын бийликке келгенин эч ким жокко чыгара албайт. Ошондуктан кымбаттатып, элдин канын ичкенден башка, Атамбаевдин деле, азырынча Жээнбековдун да бийлигинин колунан башка жолго түшүү келбейт. Ал эми башка жол - өндүрүштү көтөрүүгө болот. Бааларды 30-35 пайызга көтөрсө, айлыкты 20 пайызга көтөрүп, “мына биздин бийлигибиздин эл үчүн жасаган камкордугу”- деп бакырса болот. Жээнбеков канчалык “коррупционер” деп каматканы менен, башчылар дагы эле башкарып турушат. Кээде, “Жээнбеков Атамбаев менен кеңешеби?”- деген да ой келип калчу болду. Болбосо мэрликке өзүнүн командасында адам жокпу? Же Атамбаевдин командасындагылар, Жээнбековдун да адамдарыбы? Коомчулуктун ой-пикирин эске алса, Жээнбеков шайлоону жылдырып, дагы бир-эки ай шаарлыктарды жакшы маанайда жашатып, андан кийин мэрликке талапкерди элдин добушуна койсо, жакшы болот эле. Бирок, мэрди бир “таңгак” СДПКнын депутаттары эле шайлап коюшат. Борбор - бул мамлекеттин жүрөгү, машинага келиштире айтсак, борбор шаар – мамлекеттин мотору. Мотор кимдин колунда болсо, мамлекетти башкарууда да анын таасири өтө чоң болот. Азырынча мамлекет башкаруусунда Атамбаевдин мас элеси дагы эле оркойуп көрүнүп туру. Эми кээ бир жарандарыбыз “Суракматов чарбачыл адам”- деп жатышат. “Бишкекти көтөрүп кетет”,- деп айтышат. Суракматов Бишкекти эч жакка көтөрүп кете албайт. Анын курулуш фирмалары Бишкектин так борборуна көп имараттарды мыйзамсыз салган. Аларды мыйзамдаштырыш керек. Ал мэрлик кызматка шаарды көтөрүү үчүн эмес, өзүнүн бизнесин гана жылдырууга  келди. Анкени, Суракматовко тиешелүү курулуш фирмаларынын мыйзамды уруп да ойнобогон жагдайлар эң эле арбын болуп турганынын кантип жашырат?

 

- Балким, ушундай терс көрүнүштүн  баарына мэрди шаардыктар шайласа чекит коюлмактыр...

 

- Бирок, мэрди шаардыктар шайлаган шайлоо болсо деле, оңолобуз же оңолбойбуз деп эч ким кепилдик бере албайт. Ар бир депутаттын, ар бир шаардык чиновниктин "өз квартальный жана домкомдору бар". Алар үй-батирлерди күнү-түнү кыдырып, тажатышат. Анан эле - кимди эл тандайт болуп, алардын таасиринен баягы эле ичип-жегенди кыйын өздөштүргөндөр шайланып алат. Туура, патриотторубуз бар. Бирок, алар мурун ушул эле кыргыз бийлигинде жүрүп, кылмыш жасагандык үчүн иштен алынып, же соттолушкан болуп жатпайбы. Ошон үчүн бийликти колдогон азаматтардын күнү тууп, туура келсе да, келбесе да, талапка жооп бербесе да маанилүү кызматтарды аркалап жатышат.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №30 (366), 15.08.2018-ж