- Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш Бишкекте 13-августта жыйынга чогулуп, 2040-жылга чейинки стратегияны кабыл алды. Жыйында ошондой эле 2020-жылга чейин шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиясы бекитилди. Эми бул жыйындан майнап чыгабы же ишке ашпаган, кагазда калган стратегия болуп калабы?

 

- Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча 2020-жылга чейинки стратегиясы албетте тездик менен ишке ашырылат. Анткени президент өзү да айтпадыбы: “Шайлоо боюнча мыйзамга өзгөрүүлөр шайлоого бир жыл калганга чейин бекитилип, кийин “оюн эрежелери” өзгөрбөш керек” деп. Ал эми парламенттик шайлоо 2020-жылы өтөрү белгилүү. Бирок бул жыйында БШКнын төрайымы атап кеткен нормалардын көбү техникалык гана өзгөртүүлөр экен. Ошондуктан шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча долбоордун акыркы версиясында бизди кандай сюприздер күтүп турарын биз али билбейбиз. Албетте республикалык бир шайлоо округу деген норма кирип калса жакшы болот эле. Шайлоочулар тандаган партиясынын тизмесинин ичиндеги талапкерге да добуш берсе, көптөгөн чырлардын алды алынып, ар бир саясатчынын шайлоочулар арасындагы рейтинги так көрүнүп турмак. Татыксыз адамдар ар кандай айла-амалдар менен тизменин алдына кирип алгандыгы үчүн гана депутат болуп жүргөн адилетсиздик азаят эле.

 

Ал эми өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча 2040-жылга чейинки улуттук стратегия деген сонун идеяны Атамбаев дискредитация кылып салгандыгы үчүн эл муну азыр да скептицизм менен кабыл алып жатышат. Өзүңөр билгендей, Атамбаев 2013-2017-жылдарда өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын жаздырып, анда өзүнүн колунан келбей турган, аткара албай турган иштердин баарын тизмектетип жаздырып, ушунун баарын аткарам деп элге убада кылган. Кийин анын баары аткарылбай элге шылдың болду. Ага карабай Атамбаев маниакалдык көктүк менен 2040-жылга чейинки улуттук стратегияны жаздырып кирди. Бирок үлгүрбөй калды. Ошондуктан жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун көзөмөлү астында жазылган өлкөнү 2040-жылга чейинки туруктуу өнүктүрүү стратегиясына коомчулук Атамбаевдин жоругунан кийин ишенбөөчүлүк менен мамиле кылып жатат.

 

Бул стратегияда аябай жакшы максаттар коюлган, бирок, депутат Алтынбек Сулайманов туура айтат, бул пландалган иштерди ишке ашырууга каржылык ресурстар барбы? 2020-жылдан баштап Кыргызстандын бюджети Атамбаев алган карыздарды тейлөө үчүн жылына 350 млн доллар которуп туруш керек болот. Андай акчаны кайдан алабыз. Андан өлкөнүн өнүгүүсү үчүн, стратегияда белгиленген масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууга акча артабы? Мурунку президенттер кредиттерди 0.75% менен алышса Атамбаев 2% менен алып жатпадыбы?

 

Менин оюмча Атамбаев-Исаков сыяктуу “Таза коом” долбоорун ишке ашырабыз деп элди алдабай, 3 жылдын ичинде Кыргызстандын ар бир жаранын “Таза суу менен камсыз кылабыз!” деп убада берип ошону ишке ашырышса ысымдары тарыхта калмак да. Анткени 27 жылдан бери Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев төртөөсү тең ишке ашыра албаган “Таза суу” долбоорун Жээнбеков, Абылгазиевдер ишке ашырып койсо кандай сонун болот эле. Азыр, 21-кылымда канчалаган кыргыз калкы таза суусу жок олтурат. Бул долбоорго эл аралык каржы институттарынын канчалаган миллиондору сарпталса да бүтпөй койду го. Бир эле себеби коррупция экени баарына белгилүү. Айрыкча Атамбаевдик режим Кыргызстанды өтө оор карыздарга батырып кетти. Эми аны төлөйбүзбү же өлкөнү туруктуу өнүктүрөбүзбү? Ушундан кийин кыргыз элибиз “жаман да болсо кочкор өзүбүздүн короодон болсун” деп президент шайлаган илдеттен жогору көтөрүлүшүбүз керек. Регионалисттик бөлүнүп-жарылууларды тараткан жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы зарыл. Атамбаев регионалисттердин кайсы бир региондун адамдарынын артыкчылыктары тууралуу мифтеринин баарын талкалады. Эми кыргызга улуттук лидер боло ала турган гана жарандарыбызды президент кылып шайлоо деңгээлине көтөрүлүүгө убакыт жетти.

 

“Мурунку көчтү улайм” деп 2040-жылга чейин өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясын улап иштеп чыккан Жээнбековдук командага ийгилик каалап, жакшылыктан үмүт үзбөй туралы. Балким булар Атамбаевдик режимге караганда элге пайдасы көбүрөөк долбоорлорду ишке ашырганга үлгүрүп калышар. 

 

Булак: “Майдан.kg газетасы, №30 (367), 15.08.2018-ж.