Атамбаев бийлик башында турганда Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов жана Эрнис Карыбековдор оппозициянын башында болуп, андагы ажонун уулдары Сейтек менен Семетей энергетикалык тармактагы “ширшовдук” схеманы мурастап алып, кыргыз элинин ырыскысын уурдап, байып жатышканын ачык айтып чыгышкан.

 

Минтип ачык билдирүү жасаганы үчүн бул үч оппозиционер тең камакка алынып, азыркыга чейин акыйкаттуулукту күтүүдө. Бирок, Атамбаев кеткени, булар баштаган теманы айтып патриот көрүнгүсү келгендер көбөйдү. Мурда коркконунан ыштанын булгап алчу эксперттердин ойгонуп, “тревога” көтөргөнү жакшы. Кеч болсо да чындык айтылышы керек да. Айрым маалыматтарга караганда, Сейтек мамлекеттен жыл сайын 400 млн киловатт-сааттан ашык электроэнергияны 36 тыйындан алып турган. Аны ал кайра өзүнө таандык ишканалар аркылуу элге 77 тыйындан, лимиттен ашканда 2 сом 16 тыйындан сатып турганы айтылууда. Ошондо ал жылына жок дегенде 150 миллион сом таза киреше таап жүргөнү угулду. Эми биздин угушубузга караганда, АШАнын уулдарынын энергетикадагы мафиясына байланыштуу УКМК кылмыш ишин ачууга камданып жатыптыр. Ошондо экс-президенттин уулдары да камакка алынабы?

 

Булак: “Майдан.kg газетасы, №30 (367), 15.08.2018-ж.