«Ата-Мекен» партиясынын лидери, А. Атамбаевдин доорунда паракорчулук боюнча айыпталып, темир тор артына кеткен Ө. Текебаев бүгүнкү күндө Улуттук кардиология борборунда дарыланып жатканы белгилүү. Анан анын ал-абалын сурап коюу үчүн ага Роза Отунбаева, Мыктыбек Абдылдаев, Алманбет Шыкмаматов, Каныбек Иманалиев баш болгон бир катар белдүү саясатчылар күн алыс кабар алып, каттап калышты. 


Алардын арасында мурду жакшы жыт билген, саясий салмак кимге оосо ошол тарапка өтө калчу топтор дагы каттап калышты. Бул эмнени кабар берет? Өмүрбек Текебаевдин ооруканага которулгандан кийин, анын жакын арада эркиндикке чыга турганын шекшип, анын саясий салмагы жогорулай турганын билгендер эмитен кабар ала башташтыбы? 


Чын-чынында Өмүрбек Текебаев жакын арада боштондукка чыгып калышы дагы мүмкүн. Себеби, экс-президент Алмазбек Атамбаев тынч отурбай, массалык маалымат каражаттары аркылуу бузукулук саясатын жүргүзүп, элдин башын айлантуу менен алек. Ал, күз айларында пикет-митингдерди өткөрүп, бийликке тоскоол болушу толук мүмкүн. Акча эмнени гана кылдырбайт? Президенттик убагында “долларовый мультимиллионермин” деп төш каккан Атамбаев, ошол долларларын кайда жумшашын билбей турган маалы. Айлана-тегерегиндеги командасы ири коррупцияга айыпталып камакка алынып, өзү ызаага муунуп жүрөт. 


Ызаалуу Атамбаев күздө тополоӊ кылам деген максаттары болсо, анда чын эле бийлик Текебаевди эркиндикке чыгарып коюшу мүмкүн. Эгерде, Атамбаевге каршы Өмүрбек Текебаевди кое бере турган болсо, анда ал түз эле Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө билек-жеӊин түрүнүп алып жөнөйт. Ансыз да азыр Кыргызстанга кыпыӊдап батпай жаткан Атамбаев кирээрге ийин таппай калат. 


Кыргызстан эгемендик алгандан бери каршы чыкканын сүзүп түшүргөн Текебаев Атамбаевди тим калтырбайт. Азыр Текебаевге эркиндик гана жетишпей турат. Эртеӊ абактан чыкса Атамбаевдин азабын берүүгө Текебаевдин эрки жетет. 
Атамбаевдин ачылбай калган былыктарын дагы чукуйт. Ошол маалда Текебаевдин кадыры дагы өсөт. Аны азыртадан болжолдоп жаткан саясатчылар ошон үчүн Текебаевдин абалын сурап каттап жатышат. 


Атамбаев үчүн командасы камалганы кайгы деле эмес, Өмүрбек Текебаев сыяктуу саясаттагы душмандарынын боштондукка чыгышы коркунучтуу.

 

Булак: “Учур” ФБ баракчасы