Буга чейин айрым маалымат булактары, КР экс-премьер-министри жана президенттикке экс-талапкер Өмүрбек Бабанов Пензада өзүнүн “Азия Цемент” заводуна жакын жайгашкан Плеханов көчөсүндөгү 15-үйдө жашап жатканын жазып чыгышкан.

 

Олигарх Бабанов президенттик шайлоого катышканда каражат көп жумшалып, а ортодо Пензадагы заводунда жумушчулардын айлыгы кечигип бериле баштаганын да учурунда айтып чыгышкан. Эми, айрым маалымат булактары Бабановдун заводунда иш өтө оор болгондуктан, жумушчулар кете баштаганын билдирүүдө. “Эгер ал президент болуп калганда, силердин өлкөдө эмне болоорун көз алдыбызга келтирүүдөбүз, силерден эч нерсе калбай калмак экен”,- дегендер да бар. Кеп – жумушчуларга түзүлгөн шарттын оордугунда болууда.

 

“Вечерний Бишкек” интернет-сайтынын маалыматына ишенсек, Пенза ш. Плеханов көчөсүндөгү 15-үй дарегинде анча жакшы байкалбаган "Молодежный" концерттик залы жана бир нече чыгармачылык студиялары жайгашкан. Анын жанында көп кабаттуу кадимки эле турак жайлуу үй бар. Бул үй Бабановдун деңгээлине таптакыр туура келбеси анык.

 

Өмүрбек Бабановго тийешелүү Бишкектин ортосундагы Аsia Mall соода борборунун фирмалык белгиси менен Пензадагы заводдун энтамгасы окшош. Демек, бул завод качкын олигархка эле тийешелүү.

 

Ө.Бабановго президенттик шайлоодон кийин кылмыш иши козголуп, ал өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. Президенттикке талапкерлердин теледебатында азыркы ажо С.Жээнбеков Бабановду көрсөтүп, “коорупцияга каршы күрөштү сенден баштайм!”- деген. Бирок, андан кийин Бабановдун дарегине бир да жаман сөз айткан жок. Өз кезегинде Бабанов атайын билдирүү жасап, саясаттан кеткенин жарыялаган.

 

Жакында гана мектепти алтын медаль менен аяктаган бүтүрүүчүлөрдү сыйлоо аземинде Сооронбай Жээнбеков Өмүрбек Бабановдун уулун атасындай кучактап, өпкөн. Буга жооп иретинде Бабанов: “Менин уулумдун дарегине жылуу куттуктоо айткандыгы үчүн президент Сооронбай Шариповичке чоң рахмат!” - деп жазган.

 

Айрым эксперттер Бабановдун саясаттан биротоло кетиши өлкөгө кайтып келүүгө кепил болоруна басым жасашууда. Бирок, шайлоодо жарым миллиондон ашык адамдын колдоосуна ээ болгон адамдын саясаттан кантип кетери белгисиз. “Сен саясат менен алектенбесең, саясат сени менен алектенет”- деген аксиоманы Бабанов билээр...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №29 (366), 08.08.2018-ж.