Коомчулук учурда Бишкек мэрине талапкер катары жылдырылган б.а. “без пяти минут” мэр Азиз Суракматовдун персонасын талкуулап, көңүл андан башкага бурулбай калды. Анын фонунда экс-президент Атамбаевдин командасынын күздүк кармашка катуу даярданып жатканы унутулуп бараткандай...

 

Буга чейин Атамбаевдин: “80ге чыгып төшөктө чычып өлгөнчө, Ак үйдүн астында Сооронбай менен атышып өлгөнүм артык...”- деп тар чөйрөдө сөз кылганы массалык маалымат каражаттарында жана соцтармактарда катуу талкууга алынып, ызы-чуу жараткан. Муну кандайдыр бир деңгээлде Албек Ибраимовдун: “снайпер менен атып таштайм!”- деп айтканы далилдеп тургандай. Ал кимди аткысы келгени белгилүү эле болуп турбайбы...

 

Жакындан бери эл ичин дагы бир кеп аралады. Бул имиштерге ишене турган болсок, Алмаз Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун бийлигин күзүндө оодаруу үчүн 20 миллион доллар даярдап коюптур. Жада калса, аны таркатып үлгүргөнү да имиш, аңыз болуп желдей тароодо. Ошондо анын акчаларын эгер бул маалымат чын болсо, ким алды? Азырынча бул ушакта бир гана чындык бар: Алмаз Атамбаевде 20 миллион эле эмес, андан да эселеп көп каражаты бар. Абакта олтурган “кадрлары” да каржы жагынан каралашаар, жөн койбос...

 

Биз болгону эл ичиндеги ушак-айыңды гана ачыкка чыгардык. Себеби, бийликти оодарууга бүгүн эч кандай себеп жок. Алмаз Атамбаев деле азыркы бийликке ызырынып, кетишин каалап турганы менен, элине каршы мындай кыянатчылыкка барбас, ага акылы жетет деп ишенебиз. Элге тынчтык керек! Саясатчылардын арам оюндарына тоюп бүттүк!

 

Булак: “Майдан.kg гезити, №29 (366), 08.08.2018-ж.