- Жолборс Жоробекович, гезитибиздин мурдагы сандарына Бекболот Талгарбековдун көлөмдүү макаласы жарыяланган. Ал Атамбаев жаңы шайланган кезде эле аны “миң жылда бир келүүчү кырсык” катары сыпаттаган. Кечээ жакында жарыяланган макаласында: “Атамбаев мурас катары ач көз, коркок, кошоматчы саясий элитаны калтырып кетти” деп жазыптыр. Саясат илимдеринин профессору, коомдук ишмер катары Бекболот Талгарбековдун Атамбаев бийлигине берген баасына кошула аласызбы?

 

- Мен Бекболот Талгарбековдун Атамбаевдин бийлигине берген баасына 100 пайыз кошулам. Анткени, ал абдан туура баа берген. Ал камакка  алынганга чейин мындан да курч, таамай сөздөр, далилдүү фактылар менен сындап келген. Негизи Талгарбеков баш болгон адамдар Атамбаевди карандай чындыкты далилдер менен сындаганы үчүн күлкү келерлик күнөө коюлуп, камакта отурат. Эми заман өзгөрдү, соттор ак үйдөн берилген  буйрукту эстен чыгарып, жаңы бийлик келгенин түшүнүп, саясий туткундардын ишинин юридикалык жагын карап, эл ынана турган чечим чыгарышса болот эле. Себеби, камактагылардын көбү Атамбаевдин бийлигин басып алабыз деп эмес, тескерисинче аны  сындаган үчүн  жок жерден камакка алынып, ойго келбеген оор беренелер менен кылмыш иши козголгон. Ошон үчүн соттордун көбү жасалма болуп жатат. Текебаевдин сотунун акыркы эки күнүнө катыштым. Текебаев сүйлөп жатканда бечара сот башын көтөрө албайт, боорум ооруду. Элди карай албай, Ак үйдөн келген даяр өкүмдү окуду да жоголгуча шашты.

 

- Бекболот мырза мындан тышкары Атамбаевге мүнөздүү дагы эки сапатты айтыптыр, анын биринчисин ал: “түнү бою өлөрчө ичиптир, төшөктө заарасына, заңына чыланып уктап жатыптыр”- деп сыпаттаса, экинчисин: “Бакиев бийликтен өз ыктыяры менен кетпейт, аны согушуп кетиребиз, мен боевиктерди, курал-жаракты камдап жатам” деп айтканы менен мисалдаптыр.  Өлкөнү жакшы башкарууга ушул сапаттары терс таасирин тийгизди деп ойлойсузбу?

 

- Албетте, терс таасирин тийгизди, анын аки-чүкүсүн эл билет. Анын андай абалын ууланды деп Бекназаров баш болгондор жымсалдашканы менен эл-журттун баары көрүп турду да. Башкалар жашырганы менен түнү бою чыланып, Икрамжан аны жууп жүргөнүн   билгендер деле четтен чыгат экен го. Мына ошол  жаман адаттарынын кесепети  мамлекетти башкарууга да тийди. Мамлекеттин келечектеги  башчысынын ошондой абалда калганы чыны менен  туура эмес. Андай жаман адаттар анын психикалык жагдайынын жакшы эместигинен кабар берет. Муну жакын достору да официалдуу айтып чыкпадыбы.

Өкүнүчтүүсү, “Бакиев бийликтен өз ыктыяры менен кетпейт, аны согушуп кетиребиз, мен боевик, курал-жаракты камдап койдум” дегени анын да элге тийген чоң кесепети болду.  Мен Бекназаровдун эки томдон турган китебине “революциянын ореографиясы” деген чоң макала жазып, аны силердин гезит аркылуу жарыялагам. Ошондо  революциялык кырдаал жаралып калган мезгилде кан төгүү маселеси тар чөйрөдө гана сөз болгонун, аны алдын ала сезип калган  Бекназаров Нарынга кетип калганын жазгам. Анткени, Бекназаров юрист, прокуратурада, оперативдик кызматта иштеп, алдыдагы кан төгүүнү сезген, мунун куну абдан кымбат турарын баамдап, өзүн алыс кармаган. Ошондуктан, эртеби-кечпи бул маселе козголуп, чекеге басылган так болот деп борбордон алысыраак кеткен.  Кайсыл жерге эл топтолот, кайдан эмне болоорун Атамбаев мурдатан эле пландаштырып койгон.  Россиянын ФСБсынын  канчалык таасири бар экенин билбейм.Бирок, Отунбаеванын “биз Атамбаевди издесек ФСБнын адамдары чыгарбай коюптур”- деп айтканына караганда, Атамбаевдин ошол кездеги  аракетинен шек санаса болот. Анткени, азыр айрымдар айтып-жазып жүргөндөй, ошол жигиттердин набыт болушунда Атамбаевдин күнөөсү  такталып калса, анда коррупциялык жол менен тапкан миллиарддары бир тең, бул күнөөсү андан да чоң трагедия болот да, кыргыз эли аны кечирбейт. Демек, революциянын бийик идеалары үчүн кан төккөн жигиттер Атамбаевдин жеке кызыкчылыгы үчүн курман болсо жана ошондой эле мамлекетибизде орун алып жаткан коррупциянын учугу да барып-келип бардыгы Атамбаевге такалып жаткандыгы анын  келечеги опурталдуу экенин далилдейт. Муну Талгарбеков туура белгилеген. Бул маселе боюнча Текебаевде да материал болушу мүмкүн. Кандай болгон күндө да Атамбаевдин  элине кылган кыянаттыгы кара так бойдон калат. Себеби, андай нерселер бүгүн, эртең чыкпаса да 10 жылдан кийин сөзсүз чыгат. Карап көргүлөчү, Октябрь революциясындагы  жашыруун жасалган иштер деле 100 жылдан кийин болсо да чыкты го. Ошол сыяктуу Атамбаевдики да чыгат.

 

- Сиз буга чейин өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөш тууралуу көлөмдүү макала жаздыңыз эле. Жээнбековдун тушунда негизинен мурунку ажонун тегерегиндегилер камалып, ал Атамбаевдин: “күрөш тандалма жүрүп жатат, мунун баары саясий өч алуу”- деп айтып чыгуусуна негиз берип жатат. Сиздин оюңузча, Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшү менен Атамбаевдин күрөшүнүн кандай айырмасы бар?

 

- Коррупция боюнча Акаев “Манастын арбагы урсун”-деп, ал эми  Бакиев, Атамбаев да өздөрүнчө структураларды түзүп, кандайдыр бир иштиктүү чараларды көрүп эле жаткандай болгон. Бирок Акаевдин жанындагы шылуун жигиттер тез эле, анын балдары менен кыздарын жана аялын гана эмес, өзүн да коррупцияга үйрөтүп коюшту. Бакиевде болсо инилери менен Максим, Атамбаевде ат кошчулары менен тегерегиндеги чала сабат жигит-кыздары өздөрү коррупциянын сазына батып кетишти. Муну байкап турган чоң-кичине аткаминерлер карап турат беле. Бекназаров белгилегендей, өзү да тыкыс аралашып кетти. Ал эми айткан-дегендерине карапайым адамдар эле ишенбесе, тегерегиндигилер коррупцияны гүдөткөндөн-гүлдөтүп келишти. Аларды кой-ай деген эч ким жок мамлекетте каалаганын жасашты. Муну бир жолу И.А.Каримов да эскерткендей болгон.

 

Бу сапар Жээнбеков баштаган ишинин аягына чыгат деп илгери үмүт кылып жатабыз. Анткени, Жээнбековдун  артынан жаман сөз ээрчип, анын ишине бир туугандары азырынча аралашкан жок. Ошон үчүн коррупциянын тамырын кесип, коррупционерлерди жазалайт деп үмүт артып жатам. Элди  ирээнжиткен  жагдайларга бөгөт коюуга Жээнбековдо мүмкүнчүлүк бар. Анткени,  Жээнбековдун колу таза. Ошондуктан, Жээнбеков коррупцияны кандайдыр бир деңгээлде тыят деп ойлойм. Атамбаев Кыргызстандагы коррупциялык схеманын башында турганы үчүн коррупция жок делген  Кытайдан жогорку пайыздар менен акча алып, аны туура эмес пайдаланды. Бул жерде логика Кытайдын айрым чиновниктеринин катышы жок мынчалык деңгээлдеги жүздөгөн миллион долларды Кыргызстан тарабындагы эле Атамбаев баш болгон чоң-кичине чиновниктер өз ара бөлүштүрүп ала албайт болуш керек эле. Салыштырып көргүлө, кайсы бир россиялык жуликтен бир миллион алып алды деп, такталбаган, жөн гана сөз үчүн Текебаев түрмөдө жатат. Ал мамлекетке кандай зыян келтирди? Ал эми бул жерде бир канча жүз миллион суммалар чыкты окшойт. Бирок, белгилей турган бир жагдай, бул иштердин башында Атамбаев турат дешкени менен анын эч жерде колу жок. Анын макулдугу жана көрсөтмөсү менен жасалганын элдин баары билет. Жээнбеков мына ошол иштердин аягына чыгарса, мыкты иш кылган болор эле.

 

Атамбаевдин кадрлары камалып жатканы өч алуу, саясый куугунтук да эмес. Анткени,  Жээнбеков өч алайын деген жок. Ойдун логикасы ушуга алып барып жатат. Ичкен-жегени билинип калгандар камакка алынганда саясый куугунтук дешип жатат. Чынында алар саясый куугунтукка кабылышкан жок. Алардын иши экономикалык эле кылмыш. Жээнбеков өзүн президенттикке сүрөгөн адамдардан өч алмак беле. Экономикалык кылмышка аралашканы үчүн камап, күнөөсү аныкталса, жазасын өтөсүн деп гана жатат. Ошон үчүн камалып жаткан адамдарга өч алып жаткандай сезилип жатат окшойт.   Алардын  күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенин сот чечет.

 

- Президент Жээнбеков жарандык активисттер менен жолугушуу уюштурду. Мурунку бийликтер тарабынан “Батыштын гранттарын актагандан башканы билбейт”- деп оолак кармалып келген бейөкмөтчүлөрдү өзүнө тартуусу президентке эмне пайда алып келет? Же президенттигин тынч өткөзүү ниетиндеги эле иш-чарабы?

 

- Жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугуп, Жээнбеков жакшы иш кылды. Алардын сөзүн угуп, алар менен  пикир алмашты. Мындан ары да алар менен кызматташып, зарыл делген маселелерин чечет деп ойлойм. Ага карабай сындагандар четтен чыгып, иш кыла албагандар да, иштин көзүн билгендер да сындап жатышат. Президент “мамлекетти чогуу оңдойлу, чогуу реформа жасайлы” деген таризде “реформа жасоого кол кабыш кыл” деп кызматташууга чакырды. Эми реформа жасаш керек дегендер реформа түйшүгүн чогуу  тартышат. Бул жагынан Жээнбеков туура кылды.

 

Эми Кыргызстандын келечеги үчүн тажрыйбасы мол саясатчыларды, иш билги инсандарды, ондогон жылдар  мамлекеттик кызматта иштегендерди, либералдык ой жүгүрткөн билимдүү жаштарды да чакырып, Кыргызстанды чогуу өнүктүрөлү деп пикир алмашса ашыкча болбойт эле. Президент айкөлдүккө салып, Мадумаровду, Бабановду баш кылып, Кочкоровду кошо чакырып, “мунун атасы оппозиция жакта, апасы тиги жакта” деп жээрип, “ал адам эмес”, “бул журт эмес” деп бөлбөй,  журт атасы болгондон кийин баарына тең карап, жакшы нерсенин баарын мамлекетти оңдоого колдоно билсе, “жоону сайса ким сайды, аты калды Манаска”- дегендей, президенттин өзүнө эле жакшы болот. Ар түрдүү пикир, көз караштарды угуп, чечимди өзү чыгарат да.   

 

- Коомчулукта саясий туткундарды абактан чыгаруу талабы катуу коюлууда. Биз башында сөз кылган Б.Талгарбековдор бар, Б.Асановдун тобу ж.б. Аларды камактан чыгаруу менен Жээнбеков өзүнө саясий упай топтоп алууну каалаган жокпу?

 

-Түрмөдө жаткан Текебаев, Талгарбеков, Асанов, Чотоновдор түккө турбаган “айып” менен айлап-жылдап камакта жатышат. Биз бир нерсени эске алышыбыз керек. Алар Атамбаев чоочугандай мамлекетти басып алууга же мамлекеттин миллиондогон акчасына зыян кылган эмес. Булар жогоруда айткандай Атамбаевди сындап, ачуу чындыкты айтканы, көп фактыларды билгени үчүн камалышкан. Ошон үчүн бул маселени кароосуз калтырбай президент юридикалык жагын карап, чечсе жакшы болот эле. Анткени, бул жигиттер жөнөкөй жигиттер эмес. Биринчиден, мекенчил, экинчиден эл аралык деңгээлдеги абройу бар жигиттер. Ошон үчүн аларды камакта кармай бербей мезгил, заман өзгөргөнүн, жаңы жагдайлардын пайда болгонун эске алып, камактан чыгарса ашыкча болбойт. Коомдук пикир ушундай. 

 

- Жээнбековду мактаган менен, анын тушунда экономикалык көрсөткүчтөр төмөндөп кетиптир. Мындан улам, күзүндө саясий абал оорлошу мүмкүн экенин айтышууда. Бизде революциялык кырдаал жаралышы мүмкүнбү, мүмкүн болсо ага эмнелер себеп болот? Экономикалык көрсөткүчтөр мыкты саясий кадамдарды жутуп кое алабы?

 

-Учурда экономикалык жагдай жакшы эмес. Мен экономист эмесмин, бирок, элде буюрса, жакшы болот деген чоң  ишеним бар. Экономикалык көрсөткүч начар болсо болгондур. Бирок, эң негизгиси элде ишеним күч. Президент айыл чарба тармагын колго алып, кайра иштетүүнү жолго салса, жок дегенде дыйкандын маңдай тери акталмак. Азыр дыйкандарыбыз мамлекеттен эч нерсени талап кылышпайт. Бир гана нерсе, өндүргөн продукциясын маңдай тери актала турган баада сатып берип,  мээнети актала турган шарт түзүп беришсе дыйкандар үчүн да, мамлекет үчүн да жакшы болмок. Ал, бул дегенибиз менен буюрса, бул маселелер да чечилет деп ойлойм. Себеби, Президент өзү бул жагынан адис. Айыл чарбасындагы чиеленишкен түйшүктүү  маселелерди жолго салат деп ишенем.

 

- Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун иши илгерилесин дейби же ага сокку урууну көздөйбү?

 

- Азыр Атамбаев да жөн жаткан жок. Ал дагы “түндүк-түштүк”, Конгантиевге, Раим миллионго тиешелүү жана башка маселелерди   көтөрөм деп жатат. Менин чочулаганым Атамбаевдин колунан наам, орден-медаль, саат-акча  алган, кызматтарга көтөрүлгөн журналисттер толтура да. Ошолорду чакырып туруп, элди көтөрүүүгө үндөшү мүмкүн. Жээнбеков мамлекеттеги көйгөйлүү маселелерди тезирээк  чечип, мамлекетти өнүктүрүү жолуна салбаса, булардын баары Атамбаевге факты болуп бериши мүмкүн. Ошон үчүн Жээнбеков да тезирээк иштиктүү иштерди жасашы зарыл. Президенттин ишенгени жана таянычы эл, эл гана болушу керек, ошондо Атамбаев болобу, башка күчтөр болобу радикалдуу жүрүштөргө бара албайт.  

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити