Мен сага сен чынчыл адам эмес экениңди айткым келди. Муну сага мен, өзүңдүн газетаң аркылуу ар кандай арам ой-толгоолорду жазып, жугунду куюп жаткан - Рысалиев Иманкадыр Зарлыкович айтып жатам!

 

Мен сага расмий жана ачык түрдө эскертем, сенин айрым арам ушактарыңдын жеми болгон байкуш каармандарыңдан айырмаланып, мен коргонгонду билем, а аны өзүң жакшы билесиң. Сенин кантип каармандарды тузакка түшүрүп, бизнес жасап жатканыңды менин өтө жакшы биле турганымды да сен билесиң... Ошентип кантип кембагалдардан башкача жашоо сүрүп келе жатканыңды...

 

Менин сени менен соттошууга каалоом да, адатым да жок... Сен туура айтасың, мен дайыма аналитикалык эмгек менен алектенип келе жатам, мамлекеттик иштер боюнча чоң тажрыйбам бар, дал ошондуктан, бүгүн мен эл аралык уюмдар менен кызматташып, Кыргызстандын келечеги үчүн иштеп жатам.

 

Бирок, сага ачык жана расмий түрдө эскертип коюуну чечтим: мен шылдыңдап жазып жаткан ар бир материалыңды чыдамкайлык менен чогултуп жүрө берем, бирок, күндөрдүн биринде чыдамым үзүлгөндө анын ар бири боюнча кадыр-баркыма шек келтиргениң үчүн 777 миң сомдон моралдык чыгым төлөтүп алуу максатында сотко кайрылам. Эгерде сотту утуп алсам, анын ар бир тыйынын ооруп жаткан балдардын кереги үчүн котором. Сенин эки мени шылдыңдаган макалаңды юристтер иликтеп чыгышты, анын баары түп-тамыры менен адамдын ар-намысын тебелеп-тепсеген сөздөрдөн турат. Сен бул жоругуң менен мени “ММК жөнүндө” мыйзамды жана журналисттер менен соттошуулардын тарыхын изилдеп чыгууга мажбур кылдың. Албетте, бул жакшы иш эмес. Ошондуктан, мен баса белгилеп кетем, мен журналист Сартбаев менен эмес, ушакчы жана бизнесмен Сартбаев менен (эгерде ал ушак бизнесин уланта берсе) соттошом.

 

Бул ачык катты сот органдары жана журналисттик коомчулук менин сөз эркиндигин журналисттин атына жамынып алып каалагандай пайдаланып жаткан ушакчы бизнесмендерге карата алгачкы расмий кадамым катары кабыл алуусун өтүнөм.

 

P.S. Ошону менен катар, сотко чейинки иш-аракет катары “Азия Ньюс” гезитинин мени шылдыңдаган, кадыр-баркыма көлөкө түшүргөн материалдарын Шамарал Майчиевдин журналисттик этика боюнча коомдук комиссиясына жибере турганымды расмий билдирем.

 

Иманкадыр Рысалиев

Булак: “Майдан.kg” гезити, 25.07.2018-ж.