- Равшан мырза, Конгантиевдин кылмыш ишинин кыскартылышы президентке шайлоо учурундагы көрсөткөн жардамына ыраазычылык эмеспи?

 

- Бул идеяны президентке ким сунуштаса да, ким берсе да, туура эмес кылышкан. Мен юрист катары мындай маселенин жыйынтыгы түрдүү кептердин чыгышына жана ар тараптуу чатактардын ырбашына шарт түзгөн талаштуу маселе экенин жакшы билем. Ошондуктан, бул маселени колдогон тарап үчүн да, ага каршы турган тарап үчүн да талаш жаратат. Анткени, ошол мезгилдеги окуялар, укук коргоо органдарынын чектен чыкканы, адамдардын, саясатчылардын, журналисттердин өлүмү азыр да эсибизден чыга элек. Ошон үчүн бул маселеде укук коргоо органдары дагы аябагандай сак болушу керек. Себеби, бул нерсе бийликтин каршылаштарына да, жашыруун күчтөргө да аябагандай чоң курал болуп берет. Ошон үчүн адамдын күнөөсүн да, актыгын да сот далилдеши керек.  Соттун далили адам үчүн да, коом, мамлекет үчүн да аябагандай маанилүү. Конгантиевдин иши тымызын кыскарбай, сот менен ачык соттолуп, эл көргөндөй, эл ишенгендей болушу керек. Сотто акталса ак деп, күнөөлүү болсо күнөөлүү деп табылганы   мамлекет үчүн маанилүү болмок.

 

Бирок, бул катачылыкты президент жолго салып, Башкы прокуратурага иликтөөгө бергени туура болду. Башкы прокуратура сот аркылуу чечкенге шарт түзсө керек деген ойдомун.

 

- Отунбаева, Бекназаров баш болуп, каршы пикирин билдирип, укуктук баа берилишин талап кылышты. Бул боюнча кандай ойдосуз?

 

- Бул жерде Бекназаров менен Отунбаева бийликте турганда неге сотту аягына чыгарбаган деп күнөөлөсөк болот. Бирок, Бекназаров ал суроого жооп берип, 6 эле ай иштеп, анан кызматтан четтетилгенин айтты. Отунбаева болсо бир жарым жыл иштегени менен Конгантиевдин ден соолугуна байланыштуу тергөө болбогонун эске салды. Атамбаевдин кыйнап, камабай эле тергөө жүргүзүп, сотту аягына чыгарып койгонго мүмкүнчүлүгү бар болчу. КСДПчылар эми билдирүү таратып, туура сөздү айтымыш болуп жатышат. Атамбаев 7 жылдын ичинде ак болсо актап, кара болсо күнөөлөп койгонго бардык мүмкүнчүлүгү бар болчу. Менин оюмча бул ишти Атамбаев  атайылап жылдырган эмес же бул маселенин алкагында  жашыруун сүйлөшүүлөр болгон. Ошон үчүн Конгантиевдин иши сотко өткөн эмес.

 

- Башкы прокуратурабы же сотторбу Конгантиевге  жан тарткан чечим чыгарып койсо, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү жоопко тартылып калышы мүмкүнбү?

 

- Логикалык жактан ала турган болсок, ошол убакта маанилүү кызматтарды ээлеген адамдар өзгөчө Ички иштер министрлиги, улуттук коопсуздук кызматы,  коопсуздук кеңешин да акталган чечим чыгып калса, анда революция кылган адамдар жооп берүүгө туура келет. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү мыйзамды бузуп, төңкөрүш жолу аркылуу  бийликке кылмыш жолу менен келген деген ойду калтыруу мүмкүнчүлүгү аябагандай жогору болуп калат.

 

- Албек Ибраимов да Сапар Исаков сыяктуу шаардык кеңештин депутаттарынын ишенимине ээ боло албай кызматтан кетти. Ал Атамбаевдин кадры болгон үчүн ошондой жол менен кызматтан түштүбү же чындап эле саясый заказ болдубу?

 

- Бул баягы эле саясый оюндардын бири болду. Шаардык кеңештин, Жогорку Кеңештин депутаттарын да жогору жактагылар саясый курал катарында пайдаланып көнүп алганын айгинелеп жатат. Ошон үчүн мэрди колдоого алып, кошомат кылып жүргөн шаардык кеңештин депутаттары мэрге ишеним арткан жок. Негизи бул жакшы көрсөткүч эмес, жаман илдет. Ошондой эле социал-демократтардын 100 пайызы Албек Ибраимов кетиши керек дегени  аябагандай жаман көрсөткүч, жаман үлгү болуп калды десем болот.  Албетте, Албек Ибраимовду Атамбаев өзүнүн ишенимдүү адамы болгонун үчүн  кол баласындай жумшоо максатында мэрликке коюп, катачылыкка жол берген. Анткени, мэрди президент эмес, эл шайлашы керек. Ошондо гана адилеттүүлүк орномок. Айтайын дегеним, азыр мэрди президент бекитип, аны Шаардык кеңешти каалагандай колдотуп, жакпай калса, кайра эле ошол шаардык кеңеш аркылуу кетиртип  жатканы депутаттардын  авторитетин, кадыр-баркын бийлик да, коом да жокко чыгарууга аракет кылып жаткандай сезим калтырат.

 

- Эми Албек Ибраимовду кандай тагдыр күтүшү мүмкүн? Ал камакка алынабы же качып кетеби?

 

- Менин оюмча Албек Ибраимов бийликке каршы сөздөрдү сүйлөп, бийликке каршы иштерди жасабаса, камалбай да калышы мүмкүн. Анткени, бийликте жашыруун сүйлөшүүлөр, ортомчулар аркылуу жүргүзүлөт. Ошон үчүн көптөгөн мыйзамдарды бузса да, мурдагы улуттук коопсуздук  кызматынын башчысын, башкы прокурорду  камашкан жок. Жакшынакай эле жүрүшөт. Алар жогоруда айткандай ортомчулар аркылуу маселесин чечип алган же бийликке каршы сүйлөшпөйт. Албек Ибраимов деле унчукпаса камалбай калышы  мүмкүн.

 

- Үчүнчү революция болушу мүмкүнбү? Бүгүн революция боло турган кырдаал барбы?

 

- Революция боло турган кырдаал бар деп дагы, жок деп дагы айтсак болот. Алгач эмне үчүн бар экенине токтолоюн. Биринчиси, кадр маселесинде бийлик тарабынан көп калпыстыктарга жол бериле баштады. Маселен, Медет Садыркуловдун өлүмүн “адам өлтүрүү эмес, жол кырсыгы болгон” деп чечим чыгарган экспертти Соттук-медициналык экспертизанын башына алып келишти. бул аябагандай жаман окуя. Азыркы убакта губернатор, шаар мэрлеринин коомдук кадыр-баркы, реформаторлук көз караштарынын  жоктугу, бийликтин кандайдыр бир деңгээлде авторитетин түшүрүп жатат. Экинчи көрсөткүч социалдык, экономикалык абал жыргап кеткен жок. 6 айдын жыйынтыгы боюнча көрсөткүчтөр аябагандай начар болду. Үчүнчүсү, саясый элитада нааразычылык күчөп келе жатат. Саясатчылар менен, эл менен сүйлөшкөндө бийликти колдоо кескин начарлаганын билсек болот. Төртүнчү көрсөткүч, тышкы күчтөрдүн ролу аябагандай чоң. Авторитардык мамлекеттер менен кандайдыр бир пикир келишпестик жаралып калса,  революцияны эртелетип болдуруп  жибериши мүмкүн. Бул революцияны болдуруучу жагдайлар. Ал эми революцияны болдурбоочу жагдайлар да бар. Маселен, бийликте бардык катачылыкты жолго салганга оңдоп койгонго, элдин талабына жараша чечим кабыл алып, экономиканы, саясатты оңдогонго, экономикалык абалды жакшыртууга мүмкүнчүлүгү бар. Кокус  ката кетирсе да оңдоп койгонго шарты бар. Жалпысынан келечекте революция болоор, болбосу революциялык кырдаал жаралаар, жаралбасы айланып келип эле бийликке байланыштуу болот. Бийлик акыл-эстүү болуп, туура чечимдерди кабыл алып, реформаларды жасай турган болсо, Кыргызстанда эч кандай революция болбойт.

 

 

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан.kg” гезити