Атамбаев бийликте турганда, аны батынып сындоого эч ким батына алчу эмес. Каршы сөз айткандын баары эле көп өтпөй камалып турган. Башкасы бир тең, бирок, “Элдик парламент” катуу чыккан.

 

Бекболот Талгарбеков Атамбаевдин президент болуп келгенине эки жыл болгондо эле биздин гезитке маек берип, аны “мин жылда бир келген кырсык” деп мүнөздөгөн. Ошол баасы азыр чын чыгып жатат. Анткени, Атамбаев баштаган, ишке ашыра баштаган же бүтүргөн долбоорлорунун баарынан эле абдан кесепеттүү коррупциялык схемалар калкып чыгууда. Ушунун баарын ачык айтып, кетишин талап кылып, “Элдик парламент” уюмун түптөгөн Бекболот Талгарбековду жанындагы санаалаштары менен Атамбаев камап, соттогон.

 

Атамбаев кетти. Бирок, анын кесепетин таамай айткан Бекболот мырза дагы деле темир тор артында. Ачуу чындыкты айткан, табиятынан калыс адам Б.Талгарбековду Сооронбай Жээнбеков түрмөдөн чыгарып, өзүнө кеңешчи кылып алса иши жүрүшмөк. Сокенин буга карата пикири кандай, жакында боло турган соттон билинет. Адилеттүүлүктөн үмүт үзбөй коё туралы...

 

Булак: "Майдан.kg" гезити