“Кайрадан чоң кызмат алыш үчүн жаңы жомок ойлоп таап деле убара болгон жокмун, АШАнын диагнозу тууралуу мурда айтканымды эле кайра ары-бери сайттарга салдыра коюп, жаңы бийликке жагындым”- деген таризде КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун мактанып жүргөнүн Ак үйдө да угушкан шекилдүү...

 

Анткени, акыркы кезде Сооронбай Жээнбековдун жанында кеңеш берген айрым адамдар Тукенин калк ичиндеги кадыр-баркынын күтүлгөндөй чон эместигин изилдеп билишип, “эй, мунуң тигини жыга чабам деген чон муштумдугуна башка эч кандай деле ишке жарабасы чын экен го”- деп, шефке сунуш даярдап жатканы маалым болду. Кайда иштебесин интриганын гана атасын таанытканы, акча же бийлиги бардын гана союлу болгондон башкага жарабаган Туй байке азыр ойлоп көрүшсө, АШАга каршы турмак турсун, анын көзүн тике карай албай, бүжүрөп берет тура. Атамбаевдин маалымат саясаты кайда алып баратат? Күздү күтүп жатат. Командасы каршылык көрсөтүүгө батына ала турган күчтүү балдарды топтоодо. А бул бийликке катуу коңгуроо. Акчасы да бар. Чүйдү көтөрүүгө алы жете тургандай. Ушундай шартта, “АШАны токтотот”- деп ишенип бийликке алып келишкен Туй байкенин колунан “пок” да келбеши көрүнө баштады. Тез арада бир чара көрбөсө болбой турат.

Дал ошондуктан, бийлик тараптан Чүйдү кармап туруу үчүн Канатбек Исаевди бошотуу планы бар экенин эшиттик. Жакында, Канат Исаев Токмоктун мэри кезиндеги кылмыш иши боюнча акталды. Мамлекеттик төңкөрүш боюнча Атамбаев камакка алса, аны Жээнбековдун бийлиги калыстык үчүн карап, азаттык берип койсо эле болду да... Канат бийликти колдоп, жаштыгына, курчтугуна салып АШАга точно туруштук бере алат.

 

“Бирок, анда Туй байкени не кылабыз?”- дегендер да чыгууда. Күзгө жакын Абдраимовду Дары-дармек менен камсыздоо департаментин берип, кетиришери каңкууланууда. Ошентип, Туй байкенин да жомогу бүтө турган болуп калдыбы?

 

 

Булак: "Майдан. kg" гезити