Президент Сооронбай Жээнбеков Анкара шаарына Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын инаугурациясына катышуу үчүн учуп кетти.
Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июлда Анкара шаарына Түркиянын Президентинин инаугурация аземине катышуу үчүн учуп кетти.